Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштанды калдыктарын башкаруу боюнча форум өтөт

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 213 | 0

Бишкекте 20-апрелде таштанды калдыктарын эффективдүү башкаруу боюнча форум жана көргөзмө өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациянан кабарлашты.

Негизги максат – климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн шартында Кыргызстандын таштандыларды башкаруу рыногун консолидациялоо, калдыктарды башкаруу секторундагы саясатты жана алдыңкы тажрыйбаларды, келечекти талкуулоо, жаңы өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын ортосунда байланышты түзүү.

Форумда таштандыларды башкаруу боюнча бизнес-идеялар жана биргелешкен демилгелер каралат, бул тармакты туруктуу өнүктүрүү, ал үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз болот.

Иш-чараны JIA бизнес-ассоциация жана Аксеlerate Prosperity (AP) Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду биргелешип каржылаган AP Asia долбоорунун алкагында өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM