Биз менен байланышыңыз

13 миң доллар жана жашыруун камера тууралуу Каныбек Туманбаев түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 760 | 0

Социалдык тармактарда бир канча күндөн бери өздөрүн «мекенчилдер» деп атаган топ жана алардын кармалуусу тууралуу талкуу уланууда. Алар президенттин иш башкаруучусу жана президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысына карата бир топ сындарды айткан. Бул боюнча президент Садыр Жапаров дагы маек берип, коррупцияга аралашкандар мыйзам чегинде жазаланат деп айтты.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев «Маралга» социалдык тармакта ага карата айтылып жаткан сын-пикир боюнча комментарий берди.

-Каныбек мырза, Азамат Марипов аттуу жарандын соцтармактагы видеокайрылуусу жарыяланды. Анда сизге карата бир топ дооматтар айтылды. Ал айткан 13 миң долларды бердиңиз беле? Өкүл ата болуу сунушу жана башка айткандары чынбы?

-Эми, суроо берип калдыңыз мен баарын төкпөй-чачпай айтып берейин. Мага Азамат Марипов: «Мен «Мекенчилдердин» башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп атам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да үйлөнүү тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз»,- деп келгени чындык. Мен ары ойлонуп, бери ойлонуп эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Өзү 13 миң доллар чыгым болот экен деп эсептеп келиптир.

Дал ошол маалда Бишкектеги Ахунбаев көчөсү 80деги жер тамымды сатып, акчасы колумда турду эле. Кадастрдан барып карасаңар переоформлениеси чыгат.

Акча керек болуп 330 миң долларга саткам. Ал үйдү 2017-жылы сатып алып, акчасын толук кутулуп бүткөндөн кийин 2020-жылы иниме каттап, өзүм жашап жаткам. Ошол 330 миңден 13 миңин бердим эле. Анан кийин сурасам үйлөнбөй эле жүрөт. Эмне болду десем кыз жакпай калды деп койду.

Кийинчерээк тез-тез эле телефон чалып, смс жаза берди. Менин ишим көп, жооп бергенге убактым жок, жооп жаза албадым. Анан эле “Бүгүн кабыл албасаң кеч болот, эртең түз эфирге чыгып сени шыбайм”, — деп шантаж кылганга өттү. Ай эмне болду сага? Сураган жардамыңды бердим го? Башка акча жок десем, “Ал акчаңды Адинай карындашым менен Кудрет агамдын карыздарын жаптым, мага дагы акча керек болуп жатат»,-деди. “Башка акча жок” деп телефонду коюп койдум.

Ошондон баштап өзү баш болуп, «мекенчилмин» деген башка балдар баары биригип, мени социалдык тармактардан каралап баштады. Мен президентке Азамат Марипов мени шантаж кылыпжатканын айттым. Президент Азамат Мариповду, бир тууган агасы Кудрет Тайчабародув, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошо чакырды. Баарыбыз чогуу президентке кирдик.

Президент: «Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша», — деди. Азамат Марипов экинчи кайталанбай турганын айтып, президенттен кечирим сурады. Анан президент «Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың?» дегенде, маңдайында отурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун 4 баласы бар экенин, ал жумушсуз отурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым, — деп жооп берди.

Ошол жерден бир тууган карындашы Адинай Марипова аны дароо президенттин көзүнчө уяткарды. “Эй эмне алдап атасың? Качан менин карызымды жаптың? Менден карызга алган 50 миң сомду эле кайтарып бердиң го? Кайсы карызымды жаптың?”-дегенде унчукпай калды. Президенттин алдында уялып да калбайт экен. Берки бир тууганы унчуккан жок.

— Андан кийин өз ара пикир келишпестик эмнеден улам келип чыкты? 

-Орусча айтканда «Мою доброту за слабость принимать» этти. Коркутсам эле акча берет экен деп ойлоду. Асмандан жаап аткан акча жок. Биз иштеп жүрсөк эле, “Ии булар акчаны күрөп жатат” деп түшүнөт окшойт? Былтыр, атын айтпай эле коеюн, бир мекенчилмин деген бала мага: “Бизге деле курулуш иштерин бергиле. Биз деле акча табалы”-деп келди. “Ме кур”,- деп МИКке салынып жаткан бир курулушту сунуштадым. Батирлердин чарчы метрин 850 доллардан курам дейт. “Андай болбойт. 550 доллардан 650 долларга чейин гана болот. Болгондо да толук кандуу куруп бүтүрүп берүү керек. Андан ашык МИК төлөбөйт»- десем, «мага эч нерсе калбайт турбайбы» деп кетип калды. Президентибиз, өкмөт өзүбүз курсак сапаттуу анан арзан курат экенбиз деп, МИК аркылуу массалык түрдө курулуштар жүрүп жатат. Ошол курулуштарды көрүп алышып, «Ии биякта чоң акча бар экен» деп ойлоп атышса керек. Өткөндө депутаттар да кыдырып көрүп кетишти. Өз көздөрү менен көргөндөн кийин, «аа карапайым эл үчүн жакшы иштер жүрүп жаткан турбайбы» деп кетишкен.

-Чайханадагы ооз ачарда жашыруун камера коюп жаткандар сизди коштоп жүргөн жансакчыга окшош деп айтылды. Чын эле ошолбу? Эгер ошол болсо видеокамераны койдурганга тиешеңиз барбы? Болсо, кандай максатта коюлду эле?

-Ооба ошол. Мени коштоп жүргөн бала. Күзөт кызматынын (СГО) кызматкери. Мындан бир жыл мурда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев мага телефон чалып: «Ээй бала, сен кызматта түбөлүк турбайсың. Эртең эле менин колума түшөсүң. Менин объектилериме тийишпе», — деп мени коркуткан. Жалгыз эле Көлбаевдикин эмес мыйзамсыз менчиктештирилген объектилердин баары мамлекетке кайтарылып жатпайбы. Ал анын баарын мен кайтарып аткандай көрдү. «Мен, мамлекеттин саясатын, буйрукту гана аткарам» десем болбой коркутту. Далилдер турат. Ошондо президентибиз кайтарууга алынсын деп күзөт кызматынын бир кызматкерин бөлүп берген. Ал дем алыш күндөрү менин жанымда болбойт. Өз иштери менен жүрөт. Жашыруун камера койдурганга менин тиешем жок. Эмнеге жана ким үчүн койгону боюнча мен айта албайм. Өзүнөн сурагыла.

Эми ушул жерден кандай болгонун ийне жибине чейин айтып берейин. Эл баасын берсин. Мен кандай болгонун териштирдим. «Мекенчилмин» дегендерди менин жан сакчым чакырган эмес. Башка эле биз тааныбаган бала, өздөрүнүн «мекенчилмин» деген бирөөсү ооз ачарга чакырган экен. 19-кабинаны заказ бериптир. А менин жан сакчым камера коюп жаткан жер 4-кабина экен. Мага таптакыр башка максатта коюп жаткам деп түшүндүрдү. «Мекенчилмин» дегендер менин жан сакчымды таанышат да. Сен биякта эмне кылып жүрөсүң деп өздөрүнө тиешеси жок эле 4-кабинага кирип келишип, коюп аткан камераны жулуп алышып ызы-чуу чыгарышкан экен. Анан кафенин администратору келип: “Силер 19-кабинаны заказ бербедиңер беле. Тиешеңер жок кабинага эмнеге кирип бардыңар”, — деп баарын 19-кабинага жетелеп кетиптир. Мына ушундай акыркы болгон окуялар.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери 8-апрелде бейбаштыкка шектелген топту кармап, алты адамдын сүрөтү жарыяланды. Интернет колдонуучулар алардын көбүн «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү деп таанышып, алардын кармалышы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек берип, кармалган «мекенчилдер» тууралуу комментарий берди. Ал кармалгандардын арасында бирөөлөрдү коркутуп, жеңил акча таап жан баккандары бар экенин айтты. Садыр Жапаров аларды бир ай мурун чакырып, мыйзамдуу иштешин эскерткенин билдирди.

Садыр Жапаров бул кармоо менен иш-чаралардын биринде жашыруун камера табылып, андан кийин белгилүү бир видеотасма коомчулукка жарыяланган фактынын байланышын четке какты. Окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM