Биз менен байланышыңыз

Талаштуу мыйзамга президен кол койду. Бейөкмөт уюмдар мындан аркы кандай иштейт?

Коом | 2 Апр 2024 | 361 | 0

Бүгүн, Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ал Кыргызстанда 30 жылдан бери иштеп келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин эч жерге катталбай, отчет бербей келгенин айтты. Президенттин мындай билдирүүсүнө бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү кошулбастыгын, алар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, салыктын 12 түрү боюнча отчет берилерин билдиришти. Жаңы мыйзамда эмнелер каралган жана бейөкмөт уюмдар мындан ары кандай иштеши керек? 

Президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ал Кыргызстанда 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин эч жерге катталбай, отчет бербей келгенин айтты.

Мындан ары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, банктан эсеп ачып, ачык иштей башташарын белгиледи.

Садыр Жапаров “чет элдик агент” макамы берилип, куугунтук берилбей турганына өзү кепил экенине ишендирди. Ал эми чет элдик донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы болуп, вето коюуга чакырып келишкенин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Буга чейин калкыбызда айтылып келген «эшек жайлоо» деген мындан ары болбойт. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат.

«Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат» деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат.

30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт» , — деди Жапаров.

Коомдук ишмер Акылбек Ташбулатов президент садыр Жапаровдун “Бейөкмөт уюмдар 30 жылдан бери эч бир жерге катталбай, отчет бейбей келишкен”-,деген сөзүнө кошулбастыгын билдирди.

“Президент башка аргумент айтса деле бизде башкача ой пайда болмок. Азыр биз 30 жылда Кыргызстанга алып келген пайдабызды жокко чыгаоып жиберди. Азыркы учурда эч ким 30 жыл эмес, бир жума да катталбай туруп иштей албайт. Биздин жасаган эмгекти жокко чыгарып салганы туура эмес. Биз 30 жылдын тчтнде көптөгөн тармакттын өнүгүүсүнө салым кошуп келебиз. Президент бир сөзү менен колубузда болгон дарыбызды түшүрүп койду”.

Коомдук ишмер Акылбек Ташбулатов мыйзам күчүнө киргенден кийинки абал боюнча буларга токтолду:

“Эгер уюм чет өлкөдөн каражат алса, мыйзам күчүнө киргенден кийин Юстиция министрлигинен “чет өлкөлүк өкүл” катоодон өтүү керек. Мен Кыргызстандын жараны болуп туруп кантип башка өлкөнүн өкүлү болушум мүмкүн? Бир аймактын маселесин мамлекет чече албай жатса, мен чет жактан инвестиция алып келип, көйгөйдү чечип жатсам эмне үчүн мен чет өлкөлүк өкүл болуум керек? Көйгөйдү чечүү үчун сөзсүз түрдө эл аралык уюмдарга кайрылабыз да, алардын кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн маселе чечүү үчүн сөзсүз түрдө каражат керек болот. Мамлекеттин көйгөйүн чечүү үчүн чет өлкөлүк уюмдарга кайрылып, чечип жатсак а бизди бул жакта баалабаса кандай кызыкчылык калат?”

Юрист Таттубүбү Эргешбаева «чет өлкөлүк өкүл» макамы берилгенден кийин ал жаранга кандай таасир берерине айтып берди.

«Биринчиден, саясий процестерге ким кошулса «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берилет. Ал эми экинчи этапта «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берилгенден кийин бул уюмдарга мамлекеттик орагндардан кандайдыр бир маалымат берүүдө, алар менен тыгыз иштешүүдө кандайдыр бир тоскоолдуктар, чектөөлөр болот. Бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик органдардын ортосунда чоң ажырып пайда болот жана элге кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик органдар өзүнчө, бейөкмөт уюмдар өзүнчө иш алып барууга жол ачылууда. Мындан ары эл аралык уюмдар Кыргызстандык бейөкмөт уюмдар менен мамлекттик органдар менен бара-бара баш тартышат. Бул тенденцияны бир жылдан үч жылга чейинки аралыкта байкасак болот».

Талас облусунун жаштар кеңешинин коомдук бирикмесинин жетекчиси Бектур Медетов Талас облусунун аймагында ар канай жаштарга арналган иш-чараларды уюштуруп келет. Ал бул мыйзамдын аларга тийгизген таасири боюнча мындай дейт:

«Биздин жаштар уюмубуз мамлекеттин жаштар саясаты тармагында мыйзамдарды, консепциялардф иштеп чыгууга катышабыз. Мисалы, мен Кыргызстандын жаштарынын 2030-жылга чейинки өнүктүрүү консепция тобунун мүчөсүмүн. Жаштар тармагында ар кандай демилгелерди көтөрүп, жаштар тармагында чыккан жаңы мыйзамдарга ар кандай комментарий берип, өзүмдүн оюмду айтсам саясий ишке аралашуу болуп калат экен. Биз Кыргызстандын жараныбыз кандай гана саясий окуя болбосун биз өз оюбузду жаран катары айтууга укугубуз бар».  »

Кыргызстанда чет өлкөдөн каржылык алган бир канча диний уюмдар да бар. Дээрлик алардын көпчүлүгү чет өлкөдөн каржыланат.  Дин боюнча эксперт Канат Мурзахалиловдун айтымында, сөз болуп жаткан мыйзам диний уюмдарга терс таасирин тийгизбейт.

«Диний уюмдарга көп деле таасирин тийгизбейши мүмкүн. Бирок адамдык фактор да болуп кетүү ыктымалдуулугу да бар. Баардык эле диний уюмдар чет өлкөдөн жардам алышат. Алардын кээ биринин башкаруу структурасы чет өлкөдө иштейт. Диний уюмдарга ар кайсы жактан жардам ирээтинде каражаттар келет, ошол эле Муфтиятка да курулуш тармагына жана башка багыттарга каражаттар келип турат. Мына ошол каражаттардын булагын көрсөтүп, мыйзамдын чегинде иш алып баруусу керек. Эгер көрсөтпөгөн учурлар катталса мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бирок буга чейин эле «дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамда да диний уюмдардын финансылык отчетуулугу тууралуу маселе каралаган».

Жогорку Кеңеш быйыл 14-мартта «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган.

Документ коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарын ачыктыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын автору депутат Надира Нарматова. «Адилет» укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова жазган мыйзам долбооруна анализ кылып, 98% Орусияныкынан көчүрүлгөнүн билдирген.

Аталган мыйзам долбоору Нарматова алтынчы чакырылышта депутатат болуп турган кезде да сунуштаган, бирок депутаттардан колдоо тапкан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM