Биз менен байланышыңыз

Малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо эмнени чечет?

Коом | 27 Мар 2024 | 407 | 0

Өкмөт өлкөдөгү малдын жана үй канаттууларынын санын эсептеп чыгат. Бул боюнча келерки жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыкты.

Социалдык түйүндөрдө «тоокторду эмнеге каттоого алат?» деген суроо пайда болуп, коомчулук тарабынан  бир топ эки ача ойлор айтылууда. Ал эми айыл чарба адистери буга сын көз караш менен кароодон алыс болууга чакырат. Себеби, канаттуудан тарта мал-жандыктын санын тактоо аркылуу айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө жол ачууга болот.

Айыл чарба адиси, фермер Манас Саматов коомчулукту малдын санын тактоону терс маанайда кабыл албоого чакырды.  Ошол эле учурда өкмөт бир эле жердин аянтына салык  салып, башка бардык салыктын түрлөрүнөн бошотулушу керек деген ойдо. Ал эми коомчулуктун чочулоосун, салык саясатынын  формуласы жок жүрүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Малдын санын аныктоого терс маанайда кароонун кереги жок. Малдардын ар бирине күбөлүк берүү демилгесин көтөрүлгөндө да, шылдың кылышкан. Илимий көз караш менен караганда туура болгон. Анткени, ар биринде идентификациялык номер болуш керек. Биздин дасторконго жеткенге чейинки абалы тууралуу маалымат болуш керек. Адал зыяны жок жешибиз керек да. Элдин байлыгын санап жатат деген пикирди жоюу үчүн, өкмөт айыл чарба өндүрүнө болгон салыктын көлөмүн, бир эле жердин аянтына салып, башка бардык салыктын түрлөрүнөн бошотулушу керек».

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Самат Насирдиновдун айтымында, мал- жандыктын санын тактоо айыл чарба тармагын максаттуу өнүктүрүүгө жол ачат.

«Негизи мал-жанды саноонун көп оң тараптары бар. Мисалы, тооктордун санын тактап алган соң, райондук башкармалыкка ошол тооктун жемине, кошумча берилүүчү тоютуна көңүл бөлүсүүнө сунуш беребиз. Ошондой эле, бодо  мал байлап жаткандарга кышкы чөбүнүн канча камдаш керектигин, кошумча малды семирте турган тоюттардын түрү сунушталат. Саноо аркылуу кайсы тармак тез өсүп жаткандыгын билип, элге сунуш айта алабыз».

Айыл чарба адиси Төрөгул Беков  өкмөт туура агрардык саясат жүргүзгөндө гана  жемиштүү натыйжага жетет деген ойдо.  Малдын санын тактоо аркылуу, эт, сүт майдын көлөмү белгилүү болуп, аларды иштетүүгө фабрика, завод иштетүү зарылчылыгы каралат деген пикирин айтты.

«Малды саноо абдан керек нерсе. Биринчиден, мал кайсы учурда жана кандай дары менен эмделгени, эң маанилүүсү адамга  канчалык зыяны тууралуу маалымат болот. Малдардын санын тактоо аркылуу, канча сүт, май өндүрүп, аны кайра иштетүүгө завод, фабрика куруу зарылчылыгы каралуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер малдын саны көп болсо, экспортко чыгуу жагын ойлонсо болот».

Министрлер кабинети 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Быйыл 1-20-ноябрда Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо аймагында,  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка айылы жана Милянфан айыл аймактарында сыноо катарында каттоону өткөрүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM