Биз менен байланышыңыз

75 миңден ашык үй-бүлө электр баасын 50 тыйындан төлөп келет

Кыска кабар | 24 Мар 2024 | 100 | 0

75 миңден ашуун жакыр үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонушат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын декабрь айында Президент Садыр Жапаров жарыялаган жарлыктын негизинде 2022-жылдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алгандарды колдоо максатында электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин короткон учурда 50 тыйындан төлөө каралган.

Мындай жеңилдетилген тарифти учурда 75 миң 189 үй-бүлө колдонуп келет, ал «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын 91,2% түзөт.

Ошол эле учурда жеңилдик берилбеген жакыр үй-бүлөлөр да бар экени, алар батирде жашагандар, жеке эсептөөчү жабдуусу жоктор, дачада, кашарда, өндүрүштүк жайларда жашагандар, үйүнүн документи жоктор, энергокомпаниялар менен келишим түзбөгөндөр экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM