Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандыга Кыргызстандын паспортун бергендер соттон акталышты

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 171 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев, Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы катчысы Эрнис Апилов «Түркиянын 10 жаранына, анын ичинен Орхан Инандыга Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз берген» деген айыптан акталышты.

Чечимди Биринчи Май райондук соту кечээ, 18-мартта чыгарган.

2021-жылы 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бир айдан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Инандыны Улуттук чалгындоо кызматы кармап, Түркияга алып келишкенин жар салган.

Орхан Инанды Түркияда «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталып, прокуратура аны 22 жылга кесүүнү сураган. Анкара Жогорку соту 2023-жылы 16-июнда 21 жылга эркиндигинен ажыраткан.

2021-жылы 10-июлда Ички иштер министрлиги «2016-жылы Түркиянын жарандарына Кыргызстандын паспорттору мыйзамсыз берилген» деген шек менен иш козгоп, анын алкагында бир катар адамдар камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM