Биз менен байланышыңыз

Бир айдан бери изделип жаткан Жанарбек кызы Аселдин сөөгү табылды

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 399 | 0

Бир айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз делип, изделип жаткан Жанарбек кызы Аселдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери бүгүн, 18-мартта да издөөгө чыгышып, натыйжада Аселдин сөөгүн Чоң Чүй каналынан табышкан. Маркумдун сөөгү өлүкканага жеткирилген. Факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жанарбек кызы Асел 15-февралда түнкү саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен келиндин курткасы, бут кийими, уюлдук телефону табылган.

Ата-энеси, туугандары Аселдин эки ай мурда турмушка чыкканын айтышып, кызынын жоголушуна кайындарын күнөөлөп жатышкан. Себеби келин жоголордон мурда апасына жөнөтүп, кокус көз жумса, күйөөсү күнөөлүү болорун айткан аудиосу коомчулукка тараган.

Copyright © 2017 Maral FM