Биз менен байланышыңыз

Президент №7 Ош округуна парламенттик кайра шайлоо дайындады

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 100 | 0

Президент Садыр Жапаров № 7 Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады.

Жарлыкка ылайык, Оштогу кайра шайлоо 28-апрелде өтө турган болду. Ага байланыштуу тиешелүү тараптарга бир катар тапшырмалар берилди.

№7 Ош округунан Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов 13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну өтүнүп, арыз жазган.

Арызды Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле күнү карап чыгып, толук канааттандырган.

28-апрелде №2 Баткен жана №9 Кара-Суу округдарында да Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтөт.

БШК Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM