Биз менен байланышыңыз

БШК Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 235 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 13-марттагы отурумунда кабыл алды.

Айбек Осмонов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган.

40 жаштагы Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

2021-жылдын декабрь айынан бери VII чакырылыштын депутаты болуп иштеди.

Депутаттардын мандаттарынын алынышы боюнча комиссия түзүү сунушталды

Февраль айында «Регион» телеканалы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу сюжет көрсөткөн. Анда бир катар депутаттардын аты аталган.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин арызынын негизинде аларды мандатынан ажыраткан.

6-мартта Бишкек шаарынын административдик соту Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты. Маалыматка караганда, Бишкектин административдик соту №29 Свердлов райондук округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM