Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик өкүл» мыйзамынын кабыл алынышы боюнча элчиликтер кайрылуу жасашты

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 140 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-марттагы жалпы жыйынында кабыл алынган «Чет элдик өкүл» аты менен таанымал мыйзам боюнча бир катар элчиликтер билдирүү жасашты.

Элчиликтердин пикиринде, бул мыйзамдагы айрым жоболор коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын да эркин иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат. Ошондой эле эл аралык ченемдерге каршы келет.

«Бул мыйзамдагы айрым жоболор Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосун жакшыртуучу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүзгө коркунуч туудурат. Мыйзамга азыркы түрүндө кол коюлса, коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар камсыз кылган тамак-аш, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу маанилүү кызматтарга таянган калктын аялуу катмарына зыян келтирилиши мүмкүн. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар мамлекеттин каршылаштары эмес, алар – демократиялык, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн Кыргыз Республикасын куруудагы алмаштырылгыс өнөктөштөр», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле элчиликтер Президент Садыр Жапаровду өлкө ичиндеги жана тышындагы тынчсызданууларга кулак төшөп, мыйзамды Жогорку Кеңеш менен биргеликте кайра карап чыгууга чакырышты.

Кайрылууга Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүгү, Канаданын, Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын, АКШнын Кыргызстандагы элчиликтери кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM