Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда үч миңден ашуун көмүскө ишкерлик жай табылды

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 175 | 0
УКМК тараткан сүрөттөрдүн бири

Жалал-Абад облусунда көмүскө экономиканын көлөмү 30%ды түзөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Жалал-Абад облусунда көмүскө ишкерлик кылгандарды аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Натыйжада Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматтары менен УКМК кызматкерлери аныктаган ишкерлердин санында бир топ айырма чыккан.

Алсак, Мамлекеттик салык кызматына Жалал-Абаддан 7 миң 77 ишкердик жай катталган. Бирок мониторингдин аркасында алардын саны 10 миң 132 экени аныкталган. Тактап айтканда, 3 миң 55 ишкер жумушун көмүскө жүргүзүп келген.

УКМКнын демилгеси менен мыйзамсыз иштеп жаткан ишкерлерди көмүскө экономикадан чыгаруу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM