Биз менен байланышыңыз

2023-жылдын жыйынтыгында Инвестиция боюнча агенттик «2» алды (тизме)

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 115 | 0

Министрлер Кабинети 2023-жылга карата иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча жыйынтыгын чыгарды.

Жыйынтыкта министрликтердин, агенттиктердин, облус жетекчиликтеринин, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын иштери бааланды. Анын негизинде төмөнкүдөй корутунду чыгарылды:

  •  16 мамлекеттик органдын иши – «эң жакшы»;
  • 15 мамлекеттик органдын иши – «жакшы»;
  • 1 мамлекеттик органдын иши – «канааттандырарлык»;
  • 1 мамлекеттик органдын иши – «канааттандырарлык эмес».

Айта кетсек, 2022-жылы 9 мамлекеттик орган «эң жакшы», 19 мамлекеттик орган «жакшы», 3 мамлекеттик орган «канааттандырарлык», 3 мамлекеттик орган «канааттандырарлык эмес» деген бааларды алышкан.

2023-жылдын жыйынтыгында пландын аткарылышы 77%дан 79%га чейин жакшырган, ал эми аткарылбай калгандар 23%дан 21%га кыскарган.

Кийинки баалоо 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ушул жылдын июль айында жүргүзүлөрү айтылды.

Кайсы мамлекеттик орган кандай баа алганын төмөнкү тизмеден көрүүгө болот:

Мамлекеттик мекеме Баа

2023-жылдын аягына чейин

Баа

2022-жылдын аягына чейин

1. Ички иштер министрлиги Абдан жакшы Абдан жакшы
2.  Улуттук статистика комитети Абдан жакшы Абдан жакшы
3. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги Абдан жакшы Жакшы
4. Билим берүү жана илим министрлиги Абдан жакшы Жакшы
5. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Абдан жакшы Абдан жакшы
6. Тышкы иштер министрлиги Абдан жакшы Абдан жакшы
7. Бишкек шаарынын мэриясы Абдан жакшы Жакшы
8. Финансы министрлиги Абдан жакшы Жакшы
9. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Абдан жакшы Жакшы
10. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү Абдан жакшы Жакшы
11. Улуттук банк Абдан жакшы Жакшы
12. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Абдан жакшы
13. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Абдан жакшы Жакшы
14. Энергетика министрлиги Абдан жакшы канааттандырарлык
15. Юстиция министрлиги Абдан жакшы Абдан жакшы
16. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Абдан жакшы Абдан жакшы
17. Саламаттык сактоо министрлиги Жакшы Жакшы
18. Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Жакшы Жакшы
19. Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү Жакшы Жакшы
20. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Жакшы Жакшы
21. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Жакшы Жакшы
22. Ош шаардык мэриясы Жакшы Жакшы
23. Социалдык фонд Жакшы Абдан жакшы
24. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Жакшы Жакшы
25. Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү Жакшы Жакшы
26. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Жакшы Жакшы
27. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Жакшы канааттандырарлык
28. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Жакшы
29. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жакшы канааттандырарлык эмес
30. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Жакшы Жакшы
31. Экономика жана соода министрлиги Жакшы Жакшы
32. Коргоо министрлиги канааттандырарлык Абдан жакшы
33. Улуттук инвестициялык агенттик канааттандырарлык эмес канааттандырарлык

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM