Министрлер Кабинети 2023-жылга карата иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча жыйынтыгын чыгарды.
Жыйынтыкта министрликтердин, агенттиктердин, облус жетекчиликтеринин, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын иштери бааланды. Анын негизинде төмөнкүдөй корутунду чыгарылды:
- 16 мамлекеттик органдын иши – «эң жакшы»;
- 15 мамлекеттик органдын иши – «жакшы»;
- 1 мамлекеттик органдын иши – «канааттандырарлык»;
- 1 мамлекеттик органдын иши – «канааттандырарлык эмес».
Айта кетсек, 2022-жылы 9 мамлекеттик орган «эң жакшы», 19 мамлекеттик орган «жакшы», 3 мамлекеттик орган «канааттандырарлык», 3 мамлекеттик орган «канааттандырарлык эмес» деген бааларды алышкан.
2023-жылдын жыйынтыгында пландын аткарылышы 77%дан 79%га чейин жакшырган, ал эми аткарылбай калгандар 23%дан 21%га кыскарган.
Кийинки баалоо 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ушул жылдын июль айында жүргүзүлөрү айтылды.
Кайсы мамлекеттик орган кандай баа алганын төмөнкү тизмеден көрүүгө болот:
№ | Мамлекеттик мекеме | Баа
2023-жылдын аягына чейин |
Баа
2022-жылдын аягына чейин |
1. | Ички иштер министрлиги | Абдан жакшы | Абдан жакшы |
2. | Улуттук статистика комитети | Абдан жакшы | Абдан жакшы |
3. | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | Абдан жакшы | Жакшы |
4. | Билим берүү жана илим министрлиги | Абдан жакшы | Жакшы |
5. | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | Абдан жакшы | Абдан жакшы |
6. | Тышкы иштер министрлиги | Абдан жакшы | Абдан жакшы |
7. | Бишкек шаарынын мэриясы | Абдан жакшы | Жакшы |
8. | Финансы министрлиги | Абдан жакшы | Жакшы |
9. | Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү | Абдан жакшы | Жакшы |
10. | Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү | Абдан жакшы | Жакшы |
11. | Улуттук банк | Абдан жакшы | Жакшы |
12. | Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | Абдан жакшы | — |
13. | Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Абдан жакшы | Жакшы |
14. | Энергетика министрлиги | Абдан жакшы | канааттандырарлык |
15. | Юстиция министрлиги | Абдан жакшы | Абдан жакшы |
16. | Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Абдан жакшы | Абдан жакшы |
17. | Саламаттык сактоо министрлиги | Жакшы | Жакшы |
18. | Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги | Жакшы | Жакшы |
19. | Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү | Жакшы | Жакшы |
20. | Санариптик өнүктүрүү министрлиги | Жакшы | Жакшы |
21. | Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Жакшы | Жакшы |
22. | Ош шаардык мэриясы | Жакшы | Жакшы |
23. | Социалдык фонд | Жакшы | Абдан жакшы |
24. | Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү | Жакшы | Жакшы |
25. | Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү | Жакшы | Жакшы |
26. | Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү | Жакшы | Жакшы |
27. | Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Жакшы | канааттандырарлык |
28. | Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | Жакшы | — |
29. | Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | Жакшы | канааттандырарлык эмес |
30. | Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү | Жакшы | Жакшы |
31. | Экономика жана соода министрлиги | Жакшы | Жакшы |
32. | Коргоо министрлиги | канааттандырарлык | Абдан жакшы |
33. | Улуттук инвестициялык агенттик | канааттандырарлык эмес | канааттандырарлык |