Биз менен байланышыңыз

«Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын башкы директору камалды

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 126 | 0

«Тоң Манжылы Сервис» подрядчы фирмасынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө техника сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактылары болгонун аныктап, айыл өкмөттүн кызматкерлерине иш козгогон.

2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ишти жаптыруу үчүн УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен колго түшкөн.

Быйыл 1-мартта «ушул кылмышка катышы бар» деген шек менен «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору И.М.С. кармалып, Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Юстиция министрлигинин базасында «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсы 2021-жылдын 15-мартында каттоодон өткөнү, директору Исмаилов Мирбек Султанбекович экени жазылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM