Биз менен байланышыңыз

Министрлик өлкөдө электр жарыгын өчүрүү токтогондугун билдирди

Кыска кабар | 9 Мар 2024 | 219 | 0

Кыргызстанда 8-марттан баштап электр жарыгын жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, күндүн жылышы менен электр энергиянын керектөө кыйла төмөндөгөн.

«2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВтсаатты түзгөн, өткөн күндөрү электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 млн кВтсаатка чейин жеткен», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аймактарда маал-маалы менен жарык үзгүлтүккө учураган.

Copyright © 2017 Maral FM