Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы Түркиядагы турнирде алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 8 Мар 2024 | 304 | 0

Кыргызстандын балбан кызы Айпери Медет кызы Түркияда өткөн Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турниринде алтын медаль алды.

76 кг салмакта килемге чыккан кыргыздын балбан кызы оюндун 1/8 бөлүгүндө жапониялык Нодока Ямамотонун далысын килемге басып утуп кетти. Чейрек финалда орусиялык Рита Талисманованы 8:4 эсебинде, жарым финалда монголиялык Энкх-Аман Даваансарды 3:1 эсебинде жеңип алды.

Финалда казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттешип, 4:3 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Андан тышкары грек-рим күрөшүнөн 63 кг салмактагы Автандил Таалайбек уулу менен 97 кг салмактагы Үзүр Жусупбеков коло медаль алышты.

Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турнири кечээ, 7-мартта башталган. Кыргызстандан жалпы 33 балбан жөнөп кеткен. Мелдештер 10-мартта аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM