Биз менен байланышыңыз

«Үй-бүлө» кодекси: Жаңы редакция канчалык колдоого ээ болот?

Коом | 6 Мар 2024 | 579 | 0

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги «Үй-бүлө» кодексинин жаңы редакциясын сунуштады. Анда үй-бүлө курам дегендерге бир катар талаптар коюлган. Айрымдарына токтоло кетсек:

  • расмий катталбай туруп, диний жол менен нике кыйып жашоого тыюу салынат: бул ченемди бузгандар жоопко тартылат;
  • атасы же апасы жактан жети муун өтө элек туугандар (учурда 3 муун) баш кошо албайт;
  • бир жыныстагы адамдардын баш кошушуна тыюу салынат;
  • баккан адам багып алган баласына турмушка чыга албайт, багып алган кызына үйлөнө албайт;
  • соттолуп, экөө тең абакта жазасын өтөп жаткан мезгилде никеге турууга жол берилбейт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, «Үй-бүлө» кодексинин жаңыланган редакциясында балдарын бакпай, алимент төлөбөй жүргөндөрдүн жооопкерчилиги күчөтүлөт.

«Эң негизгиси, ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүүгө өзгөчө көңүл бөлдүк. Себеби бизге абдан көп жаран кайрылат. Мисалы, расмий никеге тургандан кийин күйөөсү чет малекетке кетип, бир канча убакыттан кийин кайра келип калат. Алимент төлөбөй же балдарынын астында толук кандуу аталык милдетин аткарбай кеткендер арбын. Ошондуктан эне менен ата бирдей жоопкерчиликке тартууну да карап жатабыз».

Баш кошо турган жубайлар бири-бирине ден соолугу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ага ВИЧ/СПИД сыяктуу жыныстык жол менен өткөн инфекциялар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы, жуптардын медициналык жактан дал келиши камтылат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиевдин айтымында, мындай кадам үй-бүлөлөрдүн ажырашуусунун алдын алат. Тодогелдиев статистикалык маалымат боюнча 45 миң үй-бүлө курулса, анын төртөө ушундай көйгөйдөн улам кайра эки жолго түшүп жатканын кошумчалады.

«ВИЧ/СПИДке карата анализ тапшыруунун себеби: жашыруун турмуш куруп, кийин көйгөй жаралган учурлар көп болуп жатат. Жубайлар үйлөнгүчө билип, ошого жараша чечим кабыл алышы зарыл. Медициналык жактан дал келүү ажырашуунун алдын алат. Дал келбегендиктен балалуу боло албай калуу ыктымалы да бар».

«Бакыт ордосу» үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо борборунун жетекчиси Акимжан Эргешов расмий катталбай туруп, диний жол менен (нике кыйып алып) жашоого тыюу салуу сунушун колдобойт. Башка бөлүктөрүнө макул. Кыргызстанда дин тутуу ар бир адамдын өз эрки. Жогорудагы сунуш алардын жеке жашоосуна аралашуу катары каралып, кыжаалатчылык жаралат. Ошондой эле кодекстин ишке ашарына көзү жетпесин кошумчалады.

«Кыргыз мамлекетинин келечегин ойлогон киши болсо, мындай пикир чыкпайт эле. Менин коркконум, кайсы бир тараптын кызыкчылыгы менен сунушталып жатат. Биз адамдардын жеке жашоосуна жакшы жагдай түзгөндүн ордуна кыжаалатчылык алып келип жатабыз. Бул мыйзамдын ишке ашырылышында да чоң суроо бар. Алар кандай жол менен текшергени жатат? «Эптеп эми байкалып калса, жоопкерчиликке тартабыз» деп жатышабы, бул жагы бүдөмүк. «Бир жыныстагылар баш кошпошу керек» деген сунушка макулмун. Себеби бизде ар ким өзүнүн маданиятын жайылтып, кыргыздын өзөгүн жоготуп коюу коркунучу болуп жатат».

Белгилей кетсек, «Үй-бүлө» кодексинин жаңы редакциясы коомчулукка сунушталып жатат. Демилгеге ар бир жаран пикир билдирүүгө укуктуу.

Copyright © 2017 Maral FM