Connect with us

Кыргызстанда төрөлүп-өссө да, жарандыктын убайымын тарткандар

Коом | 4 Мар 2024 | 801 | 0

Кыргызстанда төрөлүп-өссө да, жарандык ала албай жүргөндөр жүздөп саналат. Алар документи бар адамдар колдонгон мүмкүнчүлүктөрдүн жана укуктардын бирин да пайдалана алышпайт. Бүгүнкү күндө жарандыгы жок канча адам бар экени белгисиз. «Марал» радиосуна Руслан Турат уулу кайрылып, 15 жылга жакын убакыттан бери жарандык ала албай жатканын, ал кайрылган жактоочулар алдап кеткенин айтып берген. 

Каарманыбыз Руслан Турат уулу 34 жашта. Ал өздүгүн тастыктаган бир да документи жоктугунан, 15 жылга чукул убакыттан бери жарандык алуунун жолун издеп келүүдө.

«Документ албай калганымдын себеби: ата-энем мен төрөлгөндө төрөтканадан берген маалымкатты жоготуп алышкан. Кийин 2009-жылы кайра алууга аракет кылдык, бирок апамдын паспорту СССРдин паспорту болгондуктан аны Кыргыз Республикасынын паспортуна алмаштыруу керек болду. Ошентип, 2010-жылы барсак, 2009-жылы архив жок болуп кетиптир. Апам 2019-жылы каза болду, көзү өткөнчө аракет кылды, эми мен аракет кылып жатам. Бирок баары эле окшош жооп берет. Бир канча жактоочуга акча берип, алданып калдым. Алар: «Сага жардам беребиз, паспорт алып беребиз, мына», — деп эле ар кандай кагаздарды көрсөтсө, ишенип сураган акчасын кармата бериптирмин. 

Документтин жоктугу турмушта чоң залакасын тийгизет экен. Мисалы, ооруканага барсаң деле, балдарды мектепке  киргизейин десең деле, балдарга жөлөк пул алайын десең деле, жер алганга да, айтор, бардык жерде пасорт болушу керек экен. Кыскача айтканда, жарандыгың жок болсо, экинчи сорттогу адам болот экенсиң».

Каарманыбызга жардам берүү максатында «Адилет» укук клиникасына кайрылганбыз. Алар Русланды кабыл алып, көйгөйүн уккан. Андан соң документтерин чогултуу башталган.

«Адилет» укук клиникасынын жарандарга жана качкындарга жардам берүү бөлүмүнүн башчысы Улусбек Эмилбеков иштин жүрүшү боюнча буларга токтолду:

«Руслан Турат уулу бизге 1-февраль күнү келген. Биз аны менен сүйлөшүп, документтерин караганбыз. Андан кийин 13-февралда өзүбүз да тиешелүү органдарга кайрылып, маалыматтык материалдарын кароо үчүн Ленин райондук калкты каттоо борборуна барганбыз. Ал жерден адистер менен отуруп, терең изилдеп чыктык, эч бир жерден маалымат таба албадык.  Руслан мырза өзү Ат-Башы райондук ооруканасына кат менен кайрылыптыр, алар: «Тилекке каршы, бизде андай маалымат жок», — деп жооп беришиптир. Райондун ЖААК бөлүмү да 1990-жылдан 1995-жылга чейинки архивдерди карап, «Бизде мындай маалымат жок» деген кат беришиптир. Бирок бул маалымкаттар 2022-жылы алынгандыктан кайра жаңылоосун сурандык. Азыркы учурда Руслан мырза Свердлов районунда жашайт экен. Биз ал жердин ЖААК бөлүмүнө кайрылабыз, алар «биз бул жаранга туулгандыгы тууралуу күбөлүк бере албайбыз» дешсе, соттук ишти баштайбыз».

«Адилет» укук клиникасы Кыргызстанда 2002-жылдан бери иш жүргүзүп келет. Алар жарандыгы жокторго, качкындарга жана укук маселелери боюнча кайрылгандарга жардам беришет. «Адилет» укук клиникасына 2023-жылы жетимиштен ашуун адам жарандык алуу маселеси менен кайрылган. Алардын отузга чукулу документ чогулта баштап, тилекке каршы, беш гана адам ишти аягына толук чыгарган. Алардын экөөнө жарандык берилип, үчөөнүн иши каралып жатканын Улусбек Эмилбеков айтып, алар эмне себептен жарандык албай калганын түшүндүрдү.

«Адамдардын жарандык ала албай калганынын негизги себеби СССРдин кулашы болуп саналат. Ошондой эле адамдардагы укук маселеси боюнча маалыматтын аздыгы. Себеби төрөтканадан балага маалымкат берет, аны менен дароо туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу керек. Бирок кээ бир жарандар албай жүрө беришип, же жоготуп ийишип, күбөлүк алуу кыйын болуп калууда. Миграциянын таасири да бар. Бул жерде ата-энеси экөө тең миграцияга чыгып кетет, балдар жакындарынын карамагында калып, документтери толук бүтпөй калган учурлар болот».

Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаментинин жарандык бөлүмүнүн адиси Нурсултан Эшбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда төрөлүп, бирок жарандык ала албай келгендердин так саны белгисиз. Жарандык алуу үчүн 2023-жылы 275 адам кайрылган, анын 125ине жарандык берилген.

«1991-жылга чейин төрөлгөндөрдүн арасында жарандыгы жоктор көп кездешет. Алар көбүнчө алыскы аймактардын тургундары. Бирок так саны жок. Бизге кайрылгандардын эле статистикасы бар. 2023-жылы 275 адам кайрылган, алардын 125ине жарандык берилди. 1991-жылга чейин Кыргызстанда төрөлүп, бирок жарандык ала албай жүргөндөр кайрылса, Президенттин жарлыгынын негизинде гана жарандык берилет. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери 20 адам жарандык алуу үчүн кайрылды».  

Эгемендикке чейин төрөлгөндөргө жарандык Президенттин жарлыгынын негизинде, ал эми эгемендик жылдары төрөлгөндөргө жарандык атайын комиссиянын кароосунан өткөндөн кийин берилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө 7,2 миллион жаран бар.

2014-жылы БУУ дүйнөдө жарандыгы, документи жок адамдар 30 миллиондон ашып кеткенин жарыялап, бул маселеге бардык өлкөнүн көңүлүн буруп, аны чечүү үчүн атайын өнөктүк баштаган. «Мен таандыкмын» (I belong) аталышындагы өнөктүктүн негизги максаты он жылдын ичинде жарандыгы жоктордун санын кескин азайтуу болгон. Ар бир өлкө өзүнүн аймагындагы документи жокторду тактап, тез арада жарандык берүүгө милдеттендирилген.

2014-жылы бейөкмөт уюмдар менен мамлекет биргеликте 68 атайын мобилдүү топ түзүлүп, он жылда 13 миң 707 жарандыгы жок адам катталып, ошонун баарына 2019-жылы Кыргызстандын жарандыгы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM