Биз менен байланышыңыз

Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттар эмне дейт? (сурамжылоо)

Без рубрики , Коом | 28 Фев 2024 | 458 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев парламменттин 28-февралдагы жыйынында экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын президенттиги учурунда жанында жүргөн адамдарды жоопко тартуу маселесин көтөрдү.

Ал учурдагы бийлик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матрамов менен байланышы бар адамдарды аныктоо ишин жүргүзүп жатканда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияда жашап жатканына нааразылык билдирди.

Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо, Сооронбай Жээнбековдун иши эми ачыка чыгып айтылып жатканы кадыресе эле көрүнүш деп эсептейт. Азыркы бийлик өкүлдөрүнүн да, иши кийин ачыкталып, бара-бара улана берчү көрүнүшкө айланат деген пикирде.

«Кыргыз муну «Кыңыр иш кырк жылда билинет»,- деп коет. Эволюциялык өсүштө тепкич сыяктуу бара-бара кылган иштер ачыкталат. Туура эмес кылынган иштер, былыктар чыга баштайт. Бул нерсени өөн көрбөшүбүз керек. Бул боло турган жана болуп келген, алдыда улана турган нерсе. Эртең бийлик алмашса кайталана турчу көрүнүш».

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын баамында пандемия учурунда өкмөт тарабынан элге кайдыгер мамиле жасалган. Ал иштерди ачыктоого сунуш берип, өкмөттөн орун алган кызматынан бошотулуп калганын айтты.

«5-октябрьда аянтка 20 миң адам жөн чыккан эмес. Бир гана адилетсиз шайлоонун жыйынтыгы эмес, пандемия убагында да, элге бейкапар мамиле жасалган. Мен өкмөткө барганда комиссия түзгөнбүз. Ошонун жыйынтыгы менен бир топ ызы-чуу болгон. Коопсуздук Кеңешине чырабыз дегенде, мен кызматтан кол жууп калдым. Менимче эл арасында деле мурдагы президенттерге эмнеге бирдей мамиле болбой жаткандыгы туралуу суроо болушу мүмкүн. Ошондуктан кесиптешим ушул маселени көтөрүп чыкты деп ойлойм».

Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбековдун пикирин сураганыбызда, ага тиешеси жок экендигин айтып, кесиптешинин демилгесине баа бербестигин айтты. Ошондой эле алдыда көпчүлүктүн чечимине баам саларын белгиледи.

«Себептери ар кандай болушу ыктымал. Мага тиешеси жок. Кесиптешимдин сунушуна баа бере албайм. Бизде ушундай принцип бар. Чечим боюнча айтсам, көпчүлүктүн чечими байкап көрөбүз». 

Жакында эле депутататык кызматка киришкен Элдар Абакиров, мурдагы өлкө башчынын убагында, шайлоонун жыйынтыгынан сырткары олуттуу бир мыйзам бузууну деле байкабаганын айтат. Ошондой эле, эл үчүн айтылып калар иш кылынган жок деп эсептейт.

«Эки жыл иштеди, бирок конкреттүү иштер ишке ашкан жок. Шайлоонун жыйынтыгын эске албаганда чоң мыйзам бузууну деле байкаган жокмун. Ошол эле учурда жакшы жагынан из калтыра туран иш жасады деп айтуу да кыйын».

 

Copyright © 2017 Maral FM