Биз менен байланышыңыз

«Мигрант аялдардын саламаттыгы ойлондурат»

Коом , Экономика | 28 Фев 2024 | 471 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкекте миграцияда жүргөн аялдардын укуктарын коргоого жана алардын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган форум өттү. Иш-чаранын алкагында чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз кыз-келиндердин көйгөйлөрүн чечүү, аларга шарт түзүп берүү маселелери талкууланды. Аларга психологиялык жактан жардам көрсөтүү боюнча да сунуштар айтылды. Адистер эмгек миграциясында жүргөн аялдарга мамлекет өзгөчө көңүл бурушу зарыл деп эсептешет.

«Миграциядагы айымдар жүзү» форумунда Кыргызстандын сыртында иштеп жүргөн кыргыз айымдарынын көйгөйлөрү талкууланып, алардын чечүү жолдору да сунушталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова чет өлкөдө иштеп жүргөн мигрант аялдардын так статистикасы жок экенин билдирди.

Министр учурда Кыргызстанда да тигүү тармагында айымдар үчүн жумушчу орундар түзүлүп жатканын айтып, кыргызстандык кыз-келиндерди өз мекенинде иштөөгө чакырат.

«Негизи расмий статистикада аял мигранттардын так саны чагылдырылган эмес. Албетте, бул ар кандай тобокелчиликтерге, ар кандай маселелерге келип такалат. Ошонун негизинди бүгүнкү иш-чара дагы «Мигрант аялдардын жүзү» деген темада өткөрүлүп жатат. Бүгүн аял мигранттардын абалын кандай иш-чараларды жүргүзүү менен жакшыртып, жардам бере алабыз деген максатта талкуу жүргүзөбүз. Иш-чара буга чейин да министрлик тарабынан жүргүзүлүп келген. Азыркы күндө 198ге жакын биздин диаспора бар».

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мекендештер миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда.

«Миграциядагы айымдар жүзү» эл аралык долбоорунун уюштуруучуларынын бири Гүлшан Долонбаева долбоор 2019-жылдан бери ишке ашып келерин белгиледи. Долонбаева буга чейин форумдун алкагында мигрант аялдарга бир канча тармакта көмөк көрсөтүлүп келгенин айтты.

«Ар бир форумдан кийин жаңы жыйынтыктар чыгат. Мисалы мигранттардын балдарынын адаптация болушуна жардам берилген. Миграцияда жүргөн кыз, келиндердин ден соолугуна кам көрүү боюнча маселелер ушул форумдар аркылуу чечилет. Форумдун негизги максаты дүйнө жүзүндө жүргөн кыргызстандык кыз, келиндердин башын бириктирүү. Ар бириш-чарада мамлекеттик органдарга жакшы бир сунуштарыбыз беребиз. Биз аларга кеңештерибизди берип, тыгыз иш алып барып келебиз».

Миграция маселелери боюнча адис Уланбек Шамшиев сыртта жүргөн мигранттардын 50 пайыздан ашыгын аялдар түзөрүн айтты. Ал бүгүнкү күндө миграцияда жүргөн аялдар каржылык көз карандысыздыкка жетип, өзүн-өзү камсыздап калганы менен ден соолугуна залака келтирип алган учурлар бар экенин белгиледи.

 «Бул биринчиден жакшы көрүнүш. Анткени алар өзүнүн көз карандысыз экономикалык абалын оңдоого шарт түзүп жатышат. Бирок башка жагын алып караганда бул албетте көйгөй жаратат. Биринчиден, аялдардын ден соолугу боюнча маселелерди көтөрөт. Коомчулуктун, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын көңүлүн бурдуруу үчүн ушундай иш-чараларды уюштуруп туруу керек. Мында миграцияда жүргөн аялдардын спецификасын изилдөөгө жардам берет. Ошондой эле алар үчүн кандайдыр бир шарттарды түзүп берүү каралат. Аялдар тапкан ачкасын үй-бүлөсүнө сарптайт. Мигрант аялдардын экономикага кошкон салымы абдан чоң».

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мигранттардын көйгөйлөрү чечилбей, үнү угулбай жатканын айтып, миграция маселесин караган өзүнчө министрлик түзүү керектигин сунуштаган. Ошондой эле ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттар боюнча тиешелүү деңгээлде иш алып барбай жатканын сындаган.

«Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка ылайык, 2021-2030-жылдарга өлкөнүн миграция саясатынын концепциясы бекитилген. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен миграция агымын жараткан факторлорду жумшартуу аракеттери көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM