Биз менен байланышыңыз

«Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы кайсы тармактарга терс таасирин тийгизет?

Коом | 22 Фев 2024 | 574 | 0

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда каралып, кабыл алууга 64 депутат макул болуп, бешөө каршы чыкты. Айрым депутаттар берген сунуштары кабыл алынбаганын айтып чыгышты. Айрымдары мыйзам кабыл алынса, билим берүү, айыл чарба жана социалдык багытта иштеп жаткан уюмдардын ишмердигине да тоскоолдук жараларын эскертишти.

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну буга чейин да бир нече эл аралык уюм айтып келген.

Мыйзам долбооруна 90 депутаттын 64ү «макул», Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Айдарбеков, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эрулан Көкүлов «каршы» добуш беришти. Он төрт депутат оюн билдирүүдөн карманып коюшту.

Экинчи окууда Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүү алып салынды. Буга чейин долбоордо «Коммерциялык эмес уюмдун» мыйзамсыз иш жүргүзгөнү аныкталып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан он жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда тармактык коммитетте кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салган.

Каршы добуш берген депутаттардын бири Дастан Бекешев «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кайсы өлкөдөн каражат келсе, «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берилери жазылбаганын айтып, мыйзам кабыл алынса, кайсы тармактарга терс таасири тиерине токтолду.

«Бул мыйзам долбоору экономика, бизнес, айыл чарба, билим берүү жана башка тармактарга терс таасирин тийгизет. Анткени бул тармактарда көптөгөн долбоорлор эл аралык уюмдардан каржыланат. Ошондуктан мен каршымын».

Ошондой эле Бекешев Нарматовага суроо салып, Оштогу Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экени журналисттердин иликтөөсүндө козголгонун айтты.

«Журналисттер: «Надира Нарматова өзү чет өлкөлүк агент. Ош шаарындагы Орусиянын башкы консулдугунун имараты ага таандык», — деп жазып жатышат. Ошол маселе канчалык чын же калппы?»

Депутат Надира Нарматова айтылган имарат өзүнө таандык экенин ырастады.

«Бул мыйзам менин жеке жашоомо тиешелүү эмес. Аталган мыйзамды кабыл алууда биз он жыл кеч калдык. Биз он жыл мурда кабыл алганыбызда ушундай кычык суроо бергендер, мамлекеттин ичиндеги чыккынчылар, саткындар жок болот эле. Бул — мамлекеттин коопсуздугу,  тынчтыгы, эгемендиги үчүн кабыл алынып жаткан мыйзам. 2009-жылы кредитке алган имаратка ушул күнгө чейин насыя төлөп келем. Он төрт жыл болду аны алганыма, ошондон бери насыя төлөп келем. Мен аны бир жерден алып алган жерим жок. Кыргызстандын жараны катары ижарага бергем. Ал имаратты орус мамлекетинин консулдугу пайдаланып келет. Мыйзам боюнча эки тараптуу келишим Мамлекеттик каттоо кызматынан да бекитилген. Бул бейөкмөт уюмдукка жатпайт».

Жыйындын жүрүшүндө депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Анын себебин берген сунуштары четке кагылганы менен түшүндүрдү.

«Буга чейин мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири элем. Бирок менин демилгечи катары берген сунуштарым кабыл алынган жок. Анда мен: «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүгө али эрте, башка кодекске өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизели», — деген сунушумду айткан элем. Бирок четке кагылгандыктан, менин мыйзам долбооруна демилгечи болуум мындан ары негизсиз жана орунсуз деп эсептейм». 

Мыйзам долбоорун алгач депутат Надира Нарматова өзү демилгелеген. Кийин ага 32 депутат кошулуп, бирок айрымдары демилгечи топтон баш тарткан. Учурда демилгечи катары 18 депутат калган.

Дагы бир депутат Элвира Сурабалдиева мыйзамда саясий иштин формалары катары чогулуштар, митингдер, жүрүштөр жазылганын белгилеп, бул мыйзам долбоордон кайрымдуулук уюмдары да кооптонуп турушканын козгоду.

«Мага аялдардан, майыптыгы бар жарандардан көптөгөн каттар келет. Алардын каттарын президенттин, өкмөттүн, төраганын фонддоруна жардам берүүлөрү үчүн жөнөтөм. Тилекке каршы, алар: «Каражаттын жетишсиздигинен жардам бере албайбыз», — деп жооп беришет. Аларга бейөкмөт уюмдар жардам берип жатат. Ошондой эле бизде арап фонддору да бар. Саясатка аралашышпайт, бирок алар да: «Кошуна өлкөгө чыгып кетебизби же кандай кылабыз?» — деп ойлоно башташты. Мен гендер жаатында көптөгөн бейөкмөт уюмдар менен иштешем. Алардын баары: «Баарыбыз жабылабыз, оозубузду жаап камашат», — деп коркуп жатышат».

Депутат Нуржигит Кадырбеков «саясий иштерге кирбейт» деген жерге билим берүү тармагын да кошуп коюуну сунуштады. Эгер кирбей калса, бул мыйзам билим берүү тармагына тескери таасирин тийгизерин белгиледи.

«Эрдик кылсаң, сүрө кыл» дейт! Бир жолу экинчи окууга кайтардык да, бир маанилүү беренени алып жатабыз. Дагы бир сөз кошуп койсок, жанагы «бул мыйзамдын социалдык, диний, маданий багытта иштегендерге тиешеси жок» деген жерге «билим берүү мекемелери» дегенди кошуп коёлу. Себеп дегенде биздеги мамлекеттик окуу жайлар да эл аралык уюмдардан грант, каражат алышат. Экинчиден, кээ бир чет өлкөлүк донорлор Кыргызстандагы кыйналып жашап жаткандардын бала-бакырасын окутканга да акча берген фактылар бар. Алар кандай болот? Билим берүү боюнча мыйзам бар, анан лицензия берүү боюнча мыйзам бар, ошондуктан аларга кандай лицензия берүүнү, аккредитациядан кандай өткөнүн, каржылык отчётун Билим берүү министрлиги өзү текшерсе жетишет. Бул мыйзам боюнча аларга кошул-ташыл Юстиция министрлиги да көзөмөл жүргүзгөнгө акылуу болуп калат экен. Ишенип коюңуздар, бул билим берүүнүн сапатына аябай тескери таасирин тийгизет».

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен «Коммерциялык уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген долбоор боюнча тынчсызданып, ушул жылдын 17-январында Президент Садыр Жапаровго кат жазган. Ал өз катында бул мыйзам экономика, саламаттык сактоо, энергиянын таза булактары тармактарына салына турган жардамдарды азайтарын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров ага берген жообунда кайрылууну мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалаган. Мамлекет башчысы Энтони Блинкенди айрым туура эмес пикир тараткандарга ишенбөөгө чакырып, «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берген.

Буга чейин эл аралык уюмдар, өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКлар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишине бут тосуларын айтышып, тынчсызданууларын билдирип келишет.

Copyright © 2017 Maral FM