Биз менен байланышыңыз

Кылмышка шектүүлөр электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 255 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Министрлер кабинети демилгелеген бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, кылмышка шектүүлөр камакка алынбай, электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөнөт.

Өткөн жылдын 27-июнунда мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетине киргизген юстиция министри Аяз Баетов концепциясы боюнча мындай түшүндүрмө берген:

«Мыйзам боюнча үй камагы, сыртка чыкпоо тил каты, күрөө жана камакка алуу бөгөт чаралары бар. Ошого кошумча электрондук көзөмөлдөөнү сунуштап жатабыз. Соттун чечими менен абакта эмес, электрондук билерик киргизүү менен эркиндикте көзөмөлдөйбүз», — деген министр.

Бул ыкма кылмыш-жаза мыйзамдарын жумшартууга багытталып, атайын органдарга шектүүнүн жүрүм-турумун, тергөөчү, прокурор, сот белгилеген чектөөлөрдүн сакталышын сырттан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда шектүү коюлган талаптардан чыкпай, күндөлүк тирилигин уланта берет.

Андан тышкары мыйзамда жазык иштерин кароонун мөөнөттөрүн кыскартуу, тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындарынын жана туугандарынын соттук отурумдар өтүүчү жерге алып келүүгө, аларды жайгаштырууга кете турган кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту, мыйзамдуулукту, соттук териштирүүдө тартипти камсыз кылуу, тараптардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо, процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуу маселелери камтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM