Биз менен байланышыңыз

Дыйкан-фермерлерге насыя кеч берилип жатканы айтылды

Коом | 16 Фев 2024 | 443 | 0

Бул жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 12» долбоору аркылуу дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүнгөн. Бул насыя өсүмдүк өндүрүү жана мал чарбачылыгы жаатында иштегендерге 10%дык чен менен берилет. «Ата-Журт – Кыргызстан» фракциясынын 16-февралдагы жыйынында депутаттар дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя кеч берилип жатканын сынга алышып, аймактарда айдоо-себүү иштери бир ай эрте башталарын белгилешти. Ошондой эле аймактарда мамлекеттик банктардын банкоматтары дыйкан-фермерлерге түйшүк жаратып келери да айтылды.  

Талкуунун жүрүшүндө депутат Алишер Козуев айыл чарбасын каржылоо долбоору боюнча «РСК банк» жана «Айыл банктын» насыяларына кезекке тургандар көп экенин, узун кезек дыйкан-фермерлерге кыйынчылык жаратып жатканын айтты.

Ал жеңилдетилген насыяны эртерээк берүүнү сунуштап, Баткен жана Ош облустарында айдоо-себүү иштери бир ай эрте башталарын эскертти.

«Насыя берүүнү эртерээк баштасаңыздар. Анткени Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаа иштери бир ай эрте башталат, азыркы учурда айдоо-себүү иштери башталды. Бул маселени батыраак чечип берсек».

Ошондой эле депутат мындан бир канча жыл мурда кредит алып, өз убагында төлөй албай калганы үчүн банктар «кредиттик тарыхчаңда өз убагында төлөгөн эмес экенсиң» дешип, дыйкандардын насыя алуусуна тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Бул жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 12» долбоору аркылуу дыйкандарга насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүндү. Бул каражат былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе көп. «Айыл банктын» төрагасы Тилек Алимжановдун айтымында, акча мамлекеттик банктар аркылуу берилет.

«Бул жылы да «Айыл чарбасын каржылоо – 12» долбоорунун алкагында «РСК банк» аркылуу 3,5 млрд сом, «Айыл банк» аркылуу 3,5 млрд сом берилет. Ал эми былтыр 6 миң 300 жаранга 1,6 млрд сомдон бергенбиз».

Депутат Кундузбек Сулайманов жеңилдетилген насыяларды берүү тартибин өзгөртүү керектигин, анткени мамлекеттик банктардын ишине бир катар нааразычылыктар бар экенин белгиледи. Ал алыскы айылда жашаган дыйкандарга насыя алуу кезеги жетпей жатканына токтолду.

«Жарандардын банктарга болгон нааразычылыгына токтоло кетейин. Банктардын филиалдарын район борборлоруна ачып койдуңар, ал жерде кезек күтүү жандуу экен. Алыскы айылдардагы дыйкан-фермерлер келгенче район борборундагылар кезекке туруп алат экен. Насыя да бир күндө эле берилбей, бир канча күндүн ичинде берилет экен. Алыскы айылдан келгендер эки-үч күн бирөөнүн үйүндө жүрүшү да кыйын, насыя ала албай жатып, мейманканага жатуу да болбойт экен. Ушуну кандай жол менен чечесиңер? Анын айынан нааразычылыктар болуп жатат».  

Депутат көтөргөн маселе боюнча «Айыл банктын» төрагасы Тилек Алимжанов буларга токтолду:

«Өткөн жылы бизде электрондук кезек башкача системада иштеген. Анда насыя алуучулар жыл башында эле электрондук кезекке туруп коюшчу, биз аны жойдук. Бүгүнкү күндө электрондук кезекке туруу өзгөрдү. «Айыл чарбасын каржылоо – 12» долбоору башталган күндөн тарта электрондук кезекке турууну пландап жатабыз».

Бирок депутат Кундузбек Сулайманов электрондук кезекке туруу боюнча маалымат дыйкан-фермерлерге жетпей жатканын айтып, насыяны облус-райондорго бөлбөстөн, айыл аймактарга бөлүүнү сунуштады.

Эл өкүлдөрү «РСК банк» жана «Айыл банктын» өкүлдөрү берген маалымат менен дыйкандар айткан маалыматтар эки башка чыгып жатканын, бөлүнгөн акча жетпей турганын белгилешти.

«РСК банктын» төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев бөлүнгөн каражат насыя алуучулардын канча пайызына жетерин, насыя берүү качан башталарын маалымдады.

«Чынын айтканда, бөлүнгөн каражат бардык дыйканды камтыганга жетпейт. Бөлүнгөн акча өлкөдөгү дыйкандардын 10%ына гана жетет. Быйылкы жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 12» долбооруна 7 миллиард сом бөлүнгөн. Насыянын үстөгү 12% болчу, кийин 10%га түштү, азыркы учурда Министрлер кабинетинин токтомун күтүп жатабыз. Бирок биз ага карабастан дыйкандарга консультация берип, арыздарын кабыл алып жатабыз».

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов бүгүнкү күндө жарандарга кредит берүүдө насыялык тарыхча жөн гана банктарга маалымат катары эле берилип жатканын, насыялык тарыхчанын кредит алууга эч кандай тоскоолдугу жоктугун айтты.

«Мыйзам боюнча «кредиттик тарыхча» жети жылга чейин сакталат. Ошондой эле бул маалымат насыя алууда эч кандай таасирин тийгизбейт. Ал жөн гана маалымат катары каралат. Андан башка да маалыматтарга карап, андан кийин насыя беребиз. Биз бардык кардарлардын төлөө шартын карап, ошого жараша насыя берүү же бербөө чечимин кабыл алабыз».

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылы башталган. Ал аралыкта сегиз миңге жакын дыйканга 55 млрд сом насыя берилген. Былтыр жазында «Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында 6,3 миңдей дыйкан жеңилдетилген насыя алган. Каражат негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык үчүн бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM