Биз менен байланышыңыз

Министрлик дыйкандарга картошканын ордуна кызылча айдоону сунуштады

Коом , Экономика | 15 Фев 2024 | 768 | 0

Кыргызстанда быйыл 50 миң гектар кунарсыз жерге жаңы үрөн себүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин маалыматына караганда, быйыл үрөн сатып алуу үчүн 60 млн сомго тендер жарыяланды. Өткөн жылы дээрлик 100 тонна үрөн сатып алынып, 10 миң гектар кунарсыз жайытка себилген. Мындан тышкары министр жазгы айдоо иштерине даярдык, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, айыл чарба өндүрүшүн экспорттоодо жаралган көйгөйлөрдүн чечүү жолдору тууралуу маалымат берди.

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев маалымат жыйын өткөрдү.

Министр быйыл өлкөдө дыйкандарды сугат суу менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатында бир катар иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, былтыр бир катар аймактарда сугат сууга таңкыстык жаралып, дыйкандардын ишине тоскоолдук кылган.

Ошондой эле министр Чүй облусундагы бир нече суу сактагыч жеке менчикке өтүп кеткенин, алар мамлекетке кайтарылып алынганын билдирди.

«Мен өзүм Панфилов районунан баштап Ысык-Ата районуна чейин кыдырып келдим. Мисалы, Ысык-Ата районундагы 5 суу сактагыч жеке менчикке өтүп кетиптир. Анын баарын мамлекеттин карамагына өткөрдүк. Учурда алардын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштадык. Ала-Арчанын ылдый жагында да иштерди баштадык. Март айында чоң суу сактагычтын бир бөлүгүн бүтүрөбүз. Ага 500 млн куб сууну кошумча топтой алабыз. Ошондон кийин Сокулук, Аламүдүндө суу маселесин чече алабыз. Мындан тышкары жердин астынан чыккан сууларды топтоп, кайра аны жогору тарткан насосторду коюп жатабыз. Бул багытта Чүй облусуна өзүнчө 500 млн сом бөлдүк».

Өткөн жылы Чүй облусунун дыйкандары суу тартыштыгынан эгиндери күйүп, түшүм азайып кеткенин айтып чыгышкан. Алар бийликке кайрылып, көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечип берүүсүн өтүнүшкөн.

Былтыр сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн Суу чарба тармагына мамлекеттен 4,4 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми 2022-жылы 1 млрд сомдон ашык каражат берилген.

Мындан тышкары өткөн жылы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүүлөр пайда болуп, кыргызстандык бир топ дыйкандын өндүрүшү күйүп кеткен. Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Министр Төрөбаев айыл чарба товарларын экспорттоодо көйгөй жараткан чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди. Ошол эле учурда ал Кыргызстан тараптан да алар койгон талаптар аткарылбай жатканын сындады.

Төрөбаев дыйкандарды санга эмес, сапатка иштөөгө чакырып, товарды сыртка чыгарууда эл аралык талаптарды сактоо керектигин айтты.

«Биздин товарларды киргизбей койду деген нааразычылыктар менен дыйкандар кайрылышкан. Алардын көбү талаптарга жооп бербеген товарларды өндүрүшкөн. Мисалы, балыктардын сертификаттары туура эмес болгон, ветеринардык талаптарга жооп бербеген товарларды чыгарышкан. Биринчи кезекте сапаттан баштоо керек. Ал эми чек ара боюнча сүйлөшөбүз. Биз да коюлган талаптарга жооп бербеген товарларды өлкөгө киргизбейбиз. Учурда дыйкандарды үйрөтүп жатабыз. Көп пайда алып келе турган багыттарды көрсөтүп, талаптарга жооп берген өндүрүштү чыгаруу жолдорун үйрөтөбүз».

Министрликтин маалыматына караганда, буга чейин дыйкандарга жеңилдетилген шартта насыя берип келген «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору кийинки жылдан тарта токтотулат. Өкмөт быйыл «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилерин билдирген. 2025-жылдан тарта жеңилдетилген насыялар жалаң гана кооперативдерге берилет.

Министр Төрөбаев министрлик быйыл дыйкандарга көп пайда алып келген үрөндөрдү себүүнү сунуштарын белгиледи.

Ал картошканын ордуна кант кызылчасын айдоо сунушталарын айтты.

«Биз быйыл дыйкандарга сапаттуу жана көп түшүм бере турган жашылча айдоону сунуштап жатабыз. Мисалы, Түп районундагы картошка сепкен дыйкандар менен сүйлөштүк. Аларга кызылча себүү сунушун бердик. Биз учурда картошка себилген аянттарды азайтуу багытында иштерди алып баруудабыз. Дыйкандарга эскиче сеппей эле койгула деп жатабыз. «Аз пайда алып келген үрөндү сеппей эле койгула» дедик. Мындан тышкары малина, кулпунай жана башкаларды өндүрүүнү сунуштадык».

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын жазгы айдоо-себүү иштерине жалпы 67,2 миң тонна кылкандуу дан керектелсе, анын 56 миң тонна үрөнү топтолуп, 83,3% камсыз болду.

2034-жылга чейин өлкөдө 36 декадалык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу пландалууда. Учурда министрликтин балансында 406 бассейн бар. Мындан тышкары быйыл айыл чарба техникаларынын жазгы айдап себүү жумуштарына 85-90%ы даяр экени белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM