Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында суу өткөн айдан өтө аз топтолду

Коом , Экономика | 14 Фев 2024 | 859 | 0

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 млрд метр кубду түздү. Бул көрсөткүч бир ай мурункудан 1,3 млрд метр кубга аз. «Электр станциялары» ишканасынын маалыматына караганда 12-февралда суу сактагычка секундуна 144 метр куб суу агып кирсе, кайра секундуна 468 метр куб суу агып чыгууда. Адистер аталган суу сактагычта суунун көлөмү 12 млрд метр кубдан аз эмес болушу керектигин белгилеп, суунун аз болушу электр энергиясынын тартыштыгына алып келерин айтышат.

«Электр станциялары» ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,792 млрд метр кубду түздү. Бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 1,3 млрд метр кубга аз.

Энергетика тармагы боюнча адис Эрнест Карыбековдун айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 5,4 куб метрге чейин азайса, анда ГЭСтин иши токтойт. Ал электр энергиясына бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылбай жатканын сындап, мамлекет электр энергиясына болгон тарифти жогорулаткан эмес, төмөндөткөн ыкманы иштеп чыгышы керектигин белгиледи. Ошондой эле адис электр энергиясын берүүчү башка булактарды да ачууну сунуштады.

«Азыркы өтүп бараткан күз-кыш мезгили аябай жылуу болду. 2 млрд куб метр сууну үнөмдөп алышты. Эгерде суунун көлөмү 5,4 млрд куб метрге түшсө, станциянын ишин токтотуу керек. Анда суу сактагыч электр энергиясын чыгарбай калат. Эгер Токтогул ГЭСинин иши токтосо, калган Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, андан төмөнкү Ат-Башы, баары тең иштебей калат. Ал эми ГЭСти куруп жатканда атайын регламент жазып кетишкен. Алар акылдуу адам болушкан. «Кийин бийликке келесоолор келип калышса, суунун көлөмүн түшүрүп алышпасын» деп регламент жазып кетишкен. «Ошол регламентти так сактагыла» дешкен. 1-апрелден 12 млрд куб метрден төмөн эмес, кышка кирип баратканда 1-октябрдан 16 млрд куб метрден төмөн эмес болушу керектиги регламентте жазылган».

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы электр энергиясы ГЭСтердин гидроагрегаттарын оңдоп-түзөөнүн аркасында 65,6 МВтка, Күн электрстанциясын куруунун аркасында 430 кВтка, чакан ГЭСтерди ишке киргизүүнүн аркасында 6,7 кубаттуулукка көбөйгөн. Тактап айтканда, 2023-жылы электр энергиясынын жалпы кубаттуулугу 72,73 МВтты түзгөн.

Быйыл болжолдуу 50,6 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтерди ишке киргизүү, ошондой эле Токтогул, Үч- Коргон ГЭСтерин оңдоп-түзөп, кубаттуулукту 69 МВтка көбөйтүү пландалууда.

Энергетика тармагы боюнча адис Турдакун Сапарбаев мамлекет өлкөдөгү электр энергиясынын сапатын жана кубаттуулугун жогорулатууга басым жасашы керек деп эсептейт. Ошондой эле электр станцияларынын ишине көзөмөлдү күчөтүп, убагында текшерип турууну сунуштады.

«Азыркы учурда өлкөнүн энергетика тармагы бирде өйдө, бир ылдый абалда болуп жатат. Кыштан чыкканы калдык. Мурунку жылга салыштырмалуу быйыл кыш жылуу болуп, электр энергиясын керектөө анчалык болгон жок. Былтыр электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилип, маал-маалы менен өчүрүлүп турган. Ал эми учурда электр станциялардын эң кубаттуусу — Токтогул ГЭСи. Анын көлөмүн 6 млрд куб метрден азайтпоо керек. Бирок ага жетпейт. Себеби кыш да чыгып калды. Керектөө да азая баштайт».

Энергетика тармагы боюнча дагы бир адис Мырзатай Султаналиев Кыргызстанда 90 пайыз электр энергиясы ГЭСтерден чыгарын белгиледи.

Ал учурда Күндөн жана шамалдан да электр энергиясы алынып жатканын белгилеп, бирок алар убактылуу иштеп, суук түшкөндө свет бербей калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

«Башка альтернативдик булактарды колдонсо болот. Биздин өлкөдө 90 пайыз электр энергиясы ГЭСтерден өндүрүлөт. Ал эми жылуулук электр борбору бир гана Бишкекте бар. Бул борбор да электр энергиясын 10-13 пайызга чейин берет. Азыркы учурда электр энергиясын алуучу башка булактарды иштетүүгө келишим түзүлүп, жерлер бөлүнүп берилүүдө. Күндөн, шамалдан алуучу булактар бар. Буларды колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок булар чилде убагында жылуулук бере албай калышы мүмкүн».

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган.

Суунун тиешелүү өлчөмдөн аз топтолушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM