Биз менен байланышыңыз

Базарда азык-түлүктүн баасы кандай болууда?

Коом , Экономика | 8 Фев 2024 | 1135 | 0

Инфляциянын күч алышы базар баасына да олуттуу таасирин тийгизери анык. Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы эсептөөсү менен 2023-жылдагы эсептөөсүн салыштырып көрүп, Кыргызстанда азык-түлүк инфляциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогору экенин байкадык. Быйыл, 2024-жылдын башталышында азык-түлүктүн баасы кандай болууда? Жаңы жылдан бери кайсы товарлар кымбаттап, кайсы товарлар арзандады? Бул суроолорго жооп алуу максатында базар аралап көрдүк.

Беш жылдан бери базарда соода кылган Анара Исаева базарда баа 2023-жылдын жайында көтөрүлгөнүн, ошондон бери такыр түшпөй койгонун айтты.

«Азык-түлүк кымбат болуп жатат. Азыр бүт эле кымбат болуп жатпайбы. Арзан эч нерсе жок. Картөшкө мурун 20 сом болчу, азыр 35 сом. Алып жатабыз да, эми эмне кылалы! Дүйнө жүзүндө кризис болуп жатпайбы». 

Расмий маалыматтарга караганда, 2023-жылы азык-түлүк 2022-жылга салыштырмалуу 12,5%га кымбаттаган. Өзгөчө кайсы товарлар кымбаттаганын, кайсы товарларга суроо-талап көп экенин сатуучулардан сурап билдик.

— Азык-түлүк көтөрүлүп жатат. Чайга, момпосуйга, жумурткага, күрүчкө 10-20 сомдун тегерегинде кошулду. Мисалы, мурда күрүч 75 сом эле, азыр 140 сом болду. Мындан суу майдын гана туруктуу баасы кармалып турат. 

— Жаңы жылдан кийин өтө деле кымбаттаган жок. Кээ бир фирмалар товарынын баасын көтөргөнү болбосо, мурунку товарлар ошол эле бойдон. Азыр суу май тескерисинче, арзандай баштады. Ун болсо жайында көтөрүлгөн боюнча кармалып турат.

— Картөшкө 25 сомдон, сабиз 40 сомдон, жаңы жылдын алдында деле ушундай баада сатканбыз.

— Жашылча-жемиш мурунку эле баада. Мобу сырттан, айрыкча Кытайдан келген товарлар кымбаттады. Себеби азыр Кытайда жаңы жыл болуп, чек ара толук ачыла элек. Ачылса, алардыкы деле арзандайт го… 

— Эт 10-январдан тарта 10-15 сомго кымбаттады. 500-550 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Себеби эгин кымбат, чөп кымбат.  

Байкаганыбыздай, азык-түлүктүн айрым түрлөрү көтөрүлүп кетсе, айрым азык-түлүк, айталы, суу май, кант, ун 2023-жылдын жай айындагы баасын туруктуу кармап турат. Базарда айрыкча күрүч, чай, эт өтө кымбаттаган. Мисалы, байдала сорту мурда 75 сом болсо, азыр 140 сомдон сатылууда. Калган түрлөрү 140-300 сомдун тегерегинде. Мурда 190 сомдон сатылып келген чайлар учурда 250 сомдун тегерегинде болууда. Этке 10 сомдон 50 сомго чейин кошулган.

Мындан улам базарга келген кардарлардын азык-түлүк үчүн айына канча сом сарптаарына кызыктык. Көпчүлүгү сурообузга жооп берүүдөн баш тартышты. Арасынан экөө гана сүйлөп берүүгө макул болду.

— Биздин үй-бүлө бир айда 35-40 миң сом коротот продуктыга. Баалар кымбат. Күндөн-күнгө кымбаттап баратат, жашоо кандай болот, билбейм. 

— Эгер эт алсам, айына 7-8 миң кетет, эт албасам 4-5 миң сом коройт. Азык-түлүк кымбаттап жатат. Ошого карабай эле алып жатабыз. Пенсиябызга кошуп берген, бирок биягын кымбаттатып коюп жатышпайбы.  

Кыргызстан азык-түлүктүн бир канча түрүнөн импортко көз каранды. Көпчүлүк, айталы, дан азыктары, өсүмдүк майы, шекер, ун, дагы башка ушул сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү товарлар Орусиядан, Казакстандан алынат. Анын базар баасына да түздөн-түз таасири бар. Себеби айрым чек ара маселелери, рублдин куну сыяктуу жагдайлар базарды арзандатат же кымбаттатат.

Даярдагандар: Тагайбек кызы Жумаида жана Тилебалдиева Назайым

Copyright © 2017 Maral FM