Биз менен байланышыңыз

Жаңы долбоор: Эмгек министрлиги жаштардын иш табуусуна кам көрөт

Коом , Экономика | 6 Фев 2024 | 831 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ишсиз жүргөн 18ден 35ке чейинки курактагы жаштар стажировкадан өтүп, жумушка орношо алышат. Тажрыйба топтоо мөөнөтүнө акы төлөнөт. Маяна жашоо минимумунун деңгээлинде, болжол менен 7,7 миң сом деп эсептелди. Бул жаатта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова маалымат берди.

Кыргызстандын ар бир аймагынан үч миңге жакын адамдын адистиги  боюнча тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми адистиги жок жарандар эмгек рыногу талап кылган кесиптер боюнча кыска мөөнөттүк курстардан окуп, жумушка орношо алышат. Пилоттук долбоордун мөөнөтү алты айга белгиленген. Эмгек рыногунда учурда жеңил өнөр жай, курулуш, тейлөө, IT тармактарында адистер жетишсиз болууда.

«Өлкө боюнча 20 миңге жакын адистиги жок жаштар катталган. Ал эми айрым жаштарда кесиптик, адистик билим бар, бирок тажрыйбасы жок болуп, ишсиз калып, көп көйгөйлөр жаралып жаткандыктан бул долбоорду иштеп чыктык. Биздин максат: жаштарды иш менен камсыз кылуу. Адистиги барларды иш берүүчүгө жөнөтөбүз, алар насаатчы бекитип берип, жумушка алышат».

Ысык-Көл облусунун тургуну Мырзабек уулу Бактыбек беш жылдан бери Орусияда таксист болуп эмгектенет. Электрик кесибинде окуган. Адистиги боюнча бир жыл иштеп, айлыктын аздыгынан чет жерге иштеп кетүүгө аргасыз болгон. Анын курбалдаштарынын көбү миграцияда жүргөнүн айтат.

«Өз кесибим менен иштегенде айлыгым айдан айга жетпей, каражат тартыш болду. Үй-жай куруу керек, чоң максаттар бар. Аларды Кыргызстанда жүрүп ишке ашыра алчудай сезим болбогондуктан, кеттим аргасыз. Бир барып иштеп үй, кайра бир барып унаа алдым. Ошентип келип-кетип иштеп жүрөбүз. Өкмөт өзгөчө жаштарга көңүл бурса, абдан жакшы болмок. Ошол каражаттын аркасынан бул жакта канчалаган кыргыздар, өзгөчө жаштар кор болуп жатышат. Өз Мекениңде бакубат жашаган жакшы да, бул жакта бизди акча эле кармайт».

Экономист Төлөнбек Абдыровдун баамында өлкөдө көп учурда экономика менен эмес, саясат менен алектенип кеткендиктен жаштар жакшы жашоо издеп, чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болууда. Жигердүү эмгек кылса, чет жерден тапкан каражатты Кыргызстандан эле тапса болот.

«Жарандарды жумуш менен камсыз кылып, аларга шарт түзүп берүү: өкмөттүн түздөн-түз милдети. Акыркы эки жылда элдин экономикалык абалына аздан көңүл бурула баштады. Мамлекет ушул учурду пайдаланып, элдин экономикалык абалын жакшыртып кетиши керек. Жаштарга шарт түзүлүп баштаганынын өзү жакшы. Учурда бир долбоорду ишке ашырууга жумушчу таппай калып жатпайбы. Менимче, эми Кыргызстан чет жердегидей тынбай эмгектенип, бакубат жашоого жетсе болот».

Пилоттук долбоордун максаты: жаштарды миграцияга кетирбей, Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу. Стажировкадан өтүү үчүн Эмгек министирлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, кенен маалымат алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM