Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 29 жаштагы келин төрөт учурунда көз жумду

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 1344 | 0

Бүгүн, 5-февралдын таңында Бишкектеги № 4 ооруканада 29 жаштагы келин төрөт учурунда көз жумду. Маалыматты «Маралга» Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык жактан уюштуруу саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.

Каза тапкан келин ооруканага кечээ оор абалда түшкөн. Баланын да абалы оор болгондуктан кесерово кылууга туура келген. Операция учурунда келин көз жуумп, ымыркай аман калган. Учурда ымыркайдын абалы оор, медициналык жактан керектүү жардам көрсөтүлүп жатат. Маркум келиндин сөөгүн жакындары иликтөөгө бердирбей алып кетишкен. Учурда бул иш боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлгөнү айтылды.

Маркумдун бул үчүнчү төрөтү экени айтылды.

«Кечээ түшкө маал 29 жаштагы келин оор абалда түшкөн. Курсактагы баласына кырк бир жума болгон. Келиндин кан басымы көтөрүлүп, баланын да абалы начар болгондуктан операция кылууга туура келди. Бардык жардамды көрсөттүк. Тилекке каршы, каза болуп калды. Жакындары келиндин сөөгүн иликтөөгө берген жок. Бала ооруканда, абалы оор болуп турат. Ушул убакка чейин кайда, ким көзөмөлгө алганын тактоо, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн учурда атайын комиссия иштеп жатат. Жыйынтык чыгары менен маалымат беребиз», — деди Раиса Асылбашева.

Айта кетсек, 30-январда ушул эле төрөт үйүндө эгиз төрөгөн келин көз жумган. Ал иш боюнча да комиссия түзүлүп, иликтенип жаткан эле.

Copyright © 2017 Maral FM