Биз менен байланышыңыз

Алиянын өлүмү: Дарыгердин үй камагына чыкканы боюнча сот маалымат берди

Коом | 1 Фев 2024 | 366 | 0

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Сотто тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган дарыгердин үй камагына чыгышы боюнча маалымат берилди. Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев тергөө органдары кылмыш ишин козгогонун, мыйзам боюнча дарыгерге коюлган берене анча оор эмес кылмыштын катарына кирерин айтты. Бул маселе бүгүн парламентте да көтөрүлдү. Ал эми чарчап калган наристенин жакындары соттун чечимине нааразылык билдиришүүдө.

Бишкек шаардык соту стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Судья Мирад Динеев мындай чечимге эмне себептен келгени тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тергөө органдары айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгү жана 127-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козгогон, бул беренелер анча оор эмес кылмыштардын катарына кирет.

Биинчи инстанцияда каралаганда айыпталуучунун жашаган жери аныкталбагандыктан, эки айга камоо чечими кабыл алынган.  Учурда айыпталуучунун туруктуу жашаган жери такталып, мыйзам чегинде үй камагына чыккан.

«Айыпталуучуну тергөө органдары буга чейин тергөөгө чакырганда качпай, тергөө кызматкерлерине баш ийбестик көрсөтпөй, тартип бузбай өз убагында келип, көрсөтмөлөрдү берген. Туратбековага карата тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү жана 127-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козголгон. Көрсөтүлүп жаткан эки берене тең анча оор эмес кылмыштардын катарына кирет. Себеби аталган кылмыш менен жаза өтөө мөөнөтү беш жылга чейин каралган. Бул кылмыштар боюнча бөгөт чарасын тандоодо камакка алуу мыйзам боюнча мүмкүн эмес». 

Судья айыпталуучуга өзү жашаган Аламүдүн районунун жана Бишкек шаарынын аймагында гана болуу, кечки 21:00дөн эртең мененки 8:00гө чейин сыртка чыкпоо, бул ишке тиешеси бар адамдар менен телефон аркылуу же жолугуп сүйлөшпөө талаптарын койгон. Ошондой эле сот жана тергөөчү чакырган мезиле өз убагында келүүсү милдеттендирилген. Андан сырткары тиешелүү органдар анын жашаган жерин көзөмөлдөп, текшерип турарын айткан.

Наристенин жакындары бул чечимге макул эмес. Алиянын чоң апасы Айгүл Исакова судья айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарганына нааразы. Алар «эми ал паспортун алмаштырып же өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн» деп кооптонушууда.

«Айыпталуучу сыртка качып кетпейт» деп кепилдик бере албайсыз, туурабы? Туратбекова каза болгон баланы энесинин колуна карматып, медицина тармагында алты-жети жыл окуган дарыгерлер качып кетип жатса, сиз кантип кепилдик бересиз «качып кете албайт» деп? Түнү менен бул иш боюнча документ жасап жатпайбы. 26 жаштагы келинимдин ооруп калганын, алты айлык неберемдин ооруп калганын, кыздын атасы офицер болчу, ал «тергөөгө таасирим тийип калбасын» деп жумуштан чыкты. Ушунун баарын эске албай, көзүңүздү жумуп, кантип чечим кабыл алдыңыз?»

Соттун мындай чечиминен кийин наристенин чоң апасы Айгүл Исакова бийлик өкүлдөрүнө, президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, өзүн кабыл алышын талап кылды.

Аталаган маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Анда депутат Камила Талиева наристенин өлүмүнөн кийин кармалган дарыгердин үй камагына чыгарылышын сындады.

«Сот врачты анча оор эмес кылмыш деген негизде үй камагына чыгарыптыр. Наристенин өлүмү оор эмес кылмышка киреби? Башмыйзамда жазылып турат, «бала мамлекеттеги эң чоң байлык» деп. Баланын өлүмү эч бир энени ыйлатпасын, мага баардык энелер кошулса керек. Чарчап калган наристенин энеси сыздап ыйлаганда жанында тура албайсың. Президенттен суранабыз, бул маселени дыкат карашыбыз керек».

Ушундай эле талап менен чыккан депутат Айбек Осмонов стоматологиялык клиникалардын баарын көзөмөлгө алууга чакырды.

Дагы бир депутат Кундузбек Кошалиев дарыгерлердин айлык маянасын көтөрбөсө, мындай кейиштүү окуялар каттала берерин белгиледи.

Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиолог үй камагына чыккан.

Шаардык соттун маалыматына караганда, соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 13-январда дарыгерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2023-жылдын 18- декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Copyright © 2017 Maral FM