Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө уу коргошунду казууга тыюу салуу сунушталууда

Коом | 29 Янв 2024 | 328 | 0

Кыргызстанда уу коргошунду казууга убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү документти Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Министрликтин маалыматына караганда, аны менен кошо айрым өсүмдүктөрдү казууга да убактылуу чектөө киргизилет. Токтом долбоору бул өсүмдүктөрдү сактап калуу жана аларды көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Ал эми дарыгерлер бул өсүмдүктөр медицинада эмес, көбүнчө элдик дарылоодо колдонуларын айтышты. 

Өлкөдө бир катар өсүмдүктөрдүн тамырларын чогултууга убактылуу мораторий киргизүү сунушталды. Буга багытталган документ коомдук талкууга коюлду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Кумар Мамбеталиев Улуттук илимдер академиясынан айрым өсүмдүктүн түрлөрүн пайдаланууга тыюу салуу сунушу түшкөнүн билдирди.

Айтуусунда, бул өсүмдүктөрдүн тамырын казып алуу жер кыртышынын бузулушуна алып келүүдө. Ошол эле учурда өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн запастарынын жок болушун, азайышын алдын алуу максатында мораторий киргизилип жатат.

«Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнө убактылуу тыюу салуу боюнча Улуттук илимдер академиясынан бир топ кайрылуу келип түшкөн. Биз жыйын өткөрүп, пайдалануучулар менен макулдаштык. Токтом долбоору кабыл алынгандан кийин тыюу салынат. Пайдаланууга тыюу салынып жаткан өсүмдүктөргө макротомия, эндик, уу коргошун, афлатун пиязы сыяктуулар кирет. Аталган өсүмдүктөрдүн тамырын чогултууга суроо-талап көп болгондуктан, Министрлер кабинети аларды сактоо жана көбөйтүү максатын койду».

2021-жылы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун пайдаларын атап, анын тамырын коронавируска каршы дарылоодо колдонуп жатканын айтып чыккан.

Муну менен катар президент Садыр Жапаров да коронавирус инфекциясын Ысык-Көл тамырынын тундурмасы менен дарылоого болорун айткан. Ал социалдык тармактагы баракчасына ата мекендик дарыгерлер ооруну алгачкы баскычта бир-эки күндө дарылоонун жолун тапканын жазган.

Бирок уу коргошунду коронавируска каршы колдонуу медицина чөйрөсүндө ар кандай пикир жараткан.

Фармаколог Аида Нурдинова жогоруда аталган өсүмдүктөр элдик дарылоодо гана колдонулуп келерин белгилеп, алар илимий жактан изилденбегенин айтат.

«Бул өсүмдүктөр көбүнчө элдик медицинада колдонулат. Ал эми уу коргошун уу болуп эсептелет. Бизде дары-дармек катары колдонулбайт. Медицинада керектүү өсүмдүктөргө кирбейт. Бул өсүмдүктөр ден соолукка зыян, себеби, уулуу. Курамы илимий жактан жакшылап изилденген эмес. Глобалдуу изилдөөлөр болгон эмес. Медициналык жактан тастыкталган гана дарыларды колдонуу керек. Изилденбеген дары же чөп болобу, ден соолукка зыян. Бул өсүмдүктөрдү колдонууга тыюу салуу бир жагынан жакшы. Мүмкүн экосистемага пайдасы тиет».

Дарыгер Бекзада Кошалиева уу коргошун адамдардын ден соолугуна, айрыкча кичинекей балдардын ден соолугуна зыян экенин айтат.

«Уу коргошун баланын организмине, мээнин калыптанышына өтө зыян. Баланын таанып-билүүдөгү, аң-сезимдин өсүшүндөгү процесстерди төмөндөтөт, өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Андан уулануунун белгилери билинбестен өөрчүп кетет. Бул чогула берип, аягында акыл-эсинин кем болушуна алып келет. Мындан сырткары кулактын угушуна жана көздүн көрүшүнө да терс таасирин тийгизет».

Өткөн жылдын сентябрь айында Нарын облусунда чек арачылар аткезчилик жол менен бараткан жүк ташуучу унааны кармашкан.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда анын ичинен үч капка салынган белгисиз өсүмдүктүн тамыры табылган, жалпы салмагы 53 кг 400 граммды түзгөн. Экспертиза анын эндик тамырлары экенин аныктаган. Баштыктар Жаратылыш ресурстары министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM