Биз менен байланышыңыз

Кытай инвесторлору Ташкентте курорттук жай ачууга 10 млн доллар салууга даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 320 | 0

Кытайлык инвесторлор Өзбекстандын Ташкент облусунда жаңы курорттук аймакты салууга 10 миллион доллар салууга даяр. Бул тууралуу өзбекстандык ЖМКлар облустук акимчиликке шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка караганда, Ташкент облусунун акими Зоир Мирзаев жетектеген делегация Кытайдын Үрүмчү шаарындагы курорттук аймакка барып, көрүп келген.

Жолугушууда тараптар жаңы пансионат куруу боюнча макулдашууга жетишкен. Бул эс алуучу жай «Асман бакчасы» (Heaven’s Garden) комплексинин жанына жайгашат.

Февраль айында Кытайдан делегация Ташкент облусуна барып, Өзбекстандын инвестициялык климатын изилдеп, жаңы долбоордун үстүндө иш баштай турганы кабарланды.

Бул долбоордун алдын ала баасы 10 миллион долларга бааланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM