Биз менен байланышыңыз

АКШдагы шайлоо: Трамптын атаандашы аны колдой турганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 223 | 0

АКШнын Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис президенттикке талапкерлигин алып, мурдагы президент Дональд Трамптын талапкерлигин колдой турганын билдирди.

Эми Трамптын «Республикалык» партиядан талапкерлиги үчүн күрөштө дагы бир олуттуу атаандашы калды – Түштүк Каролина штатынын мурдагы губернатору жана АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси, теги индиялык Ники Хейли.

16-январда Дональд Трамп Айова штатында 51% добуш алып, АКШ президенттигине талапкер болуу үчүн болгон жарышта биринчи жеңишке жетти.

Айова штатында президенттикке талапкерди аныктоо үчүн биринчи добуш берүү иш-чарасын өткөрүү салтка айланган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дональд Трамп 51%, анын эң жакын атаандаштары Рон ДеСантис менен Никки Хейли 21% жана 19% добушка ээ болушту.

Трамптын Айова штатындагы жеңиши тарыхый болгонун маалымат каражаттары жазды. Ал Айова штатынын 99 округунун биринен башкасынын бардыгында эң көп добушка ээ болду.

АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт. Учурдагы президент Жо Байден кайрадан президенттикке талапкер болот. Анын негизги атаандашы кайрадан Дональд Трамп болушу мүмкүн.

Азыр 80 жаштагы Байден АКШнын тарыхындагы эң улуу мамлекет башчысы. Шайлоодо дагы жеңишке жетсе, 1942-жылы 20-ноябрда туулган президент 86 жашында экинчи мөөнөтүн аякташы мүмкүн.

Буга чейин макулдугун берген 58 жаштагы Камала Харрис кайрадан Байден менен бирге вице-президенттикке ат салышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM