Биз менен байланышыңыз

Балдар үчүн чыгарылган китептердин бет ачары болот

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 334 | 0

Эртең, 20-январда Бишкектеги Novotel мейманканасында кыргыз тилин жайылтууга багытталган «Балам үчүн кыргызча контент» аталашындагы иш-чара болот. Аны «Турар» басмаканасы уюштурууда.

Иш-чарада талкуулар жана эксперттердин семинарлары пландалган. Ошондой эле балдарга арналган китептердин бет ачары өтөт.

Коомдук-саясий ишмер Элдар Абакиров кызы менен чогуу «Кичинекей кыз жана жетинчи жылдыз» китебин чыгарышты.

«Кызым беш жаш кезинде бири-бирибизге оюбуздан чыгарып, жомок айтып берчүбүз. Ошол 4-5 жомокту баракчаларга чыгаргам, аны «Турар» басмаканасы жактырып, китеп түрүндө чыгарды. Эртең Novotel мейманканасында саат 14:00дө балдар үчүн чыгарылган кыргызча жомоктор, китептердин бет ачары өтөт. Ошонун ичинен кызым экөөбүз чыгарган китеп жөнүндө да айтып беребиз», — деди ал.

Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти Ишенбек Султаналиев, «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин негиздөөөчүсү Гүлнара Дайырбекова, «Бакдөөлөт» коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев, «Кичинекей кыз жана жетинчи жылдыз» китебинин автору Элдар Абакиров, психолог Нурзада Нурбаева, Kodjaz платформасынын негиздөөчүсү, кыргыз тилинде жасалма интеллекттин жайылтуучусу Мурат Жумашев, медицина боюнча маалыматтарды интернет айдыңында кыргыз тилинде жеткиликтүү айтып берген уролог Нурбек Моңолов жана башкалар катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM