Биз менен байланышыңыз

ГУМ соода борборунун алдындагы мыйзамсыз курулган соода түйүнү алынды

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 169 | 0

Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан «ГУМ Чынар» соода борборунун алдындагы аянтчага жеңил конструкциядагы соода түйүнү мыйзамсыз курулгандыктан, курулушу токтотулуп, аянтчадан алынды.

Маалыматты «Марал» радиосуна Свердлов райондук администрациясынан кабарлашты.

«Бишкек шаардык кеңеш тарабынан шаардын борбордук көчөлөрүндө жеңилдетилген типтеги обьектилерди орнотууга тыюу салынып, мораторий жарыяланган. Бул боюнча Свердлов акимиаты менен Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы тарабынан «ГУМ Чынар» соода борборунун администрациясына эскертүү берилген. Бүгүнкү күнү «ГУМ Чынар» соода борбору өз ыктыяры менен жеңилдетилген типтеги объектини тротуардан алышты» , — деп айтылат маалыматта.

Январдын башында соода борборунун имаратынын алдында тротуарга кошумча курулуш салынып жатканы жашоочулардын нааразылыгын пайда кылган.

Окурмандар «Марал» радиосунун редакциясына кайрылып, соода борбордун алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтө турган жайдагы курулуштун мыйзамдуулугун тактап берүүнү өтүнүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM