Connect with us

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 192 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…-6,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-3° суук, күндүз +2…+4° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM