Биз менен байланышыңыз

«Берекет» базар комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 150 | 0

«Берекет» базар комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директору кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Атайын кызмат тарабынан соода борборлорунун ижара акысын төмөндөтүү аракеттеринин алкагында «Берекет Гранд» жана «Берекет Универсал» ишканаларында өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактылары аныкталды.

2017-жылдан азыркы убакытка чейин «Берекет» компаниясынын жетекчилери Б.Б.К. жана А.И.Ж. ижарачыларды укук белгилөөчү документтерди бербестен, соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу-сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан, алардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2000 АКШ долларына чейин болгон.

Мындан тышкары ЖАКтын администрациясы соодагерлерди соода-сатык келишимдерин түзүүдө 500дөн 1000 АКШ долларына чейин көмүскө кенемте төлөөгө мажбурлаган. Соода аянтчаларын жасалма сатуудан кийин ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү ижара төлөмдөрү да алынган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, 19-январда «Берекет» компаниясынын негиздөөчүсү Б.Б.К. жана президенти А.И.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ачык булактарда «Берекет» жабык акционердик коомунун негиздөөчүсү Бегалиев Болотбек Касымбекович экени, ал эми президенти Абласова Индира Жусупжановна экени айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM