Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Ысык-Көлдөгү имараты ачылды

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 166 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоодон кийин колдонууга берилди. Мекеменин ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Имарат 1976-жылы курулганы маалымдалды. Анда буга чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Жалпы 2 миң чарчы метрден ашыгы оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы да оңдолду, 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү.

Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө коопсуздукту бекемдөө жана мыйзамдуулукту сактоо укук коргоо органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүнөн көз каранды экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM