Биз менен байланышыңыз

19-январдын аба ырайы

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 861 | 0

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүcү мүмкүн,  жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусуда, Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт.  Абанын температурасы түнкүсүн  -5…-7° суук, күндүз +5…+7° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM