Биз менен байланышыңыз

Журналисттердин жапырт кармалышы боюнча ИИМ жана прокуратуранын маалыматын угуу сунушталды

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 196 | 0

Депутат Гуля Кожокулова 11 журналисттин камакка алынышы боюнча ички иштер министри, башкы прокурор парламенттин кийинки жыйынына келип, маалымат берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында айтты.

«Бул массалык камоо болуп эсептелет. Парламенттин кийинки жыйынында ички иштер министри, башкы прокурордун бул маселе боюнча маалыматын угалы. Кандай негизде кармап жатышат? Анткени мындай массалык кармоолор адатка айланып баратат. Мындай болбошу керек«, — деди депутат Кожокулова.

Дагы бир депутат Балбак Түлөбаев ага чейин президентке кайрылып, медиа коомчулук менен сүйлөшүүгө барууга чакырган.

16-январда таң эрте ондогон журналисттин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

17-январда баш коргоо чаралары каралып, кармалган он бир журналист эки айга камакка алынды.

Журналисттердин жактоочулары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышарын маалымдашты.

Бир катар эл аралык уюмдар эркин медиалардын журналисттерине карата кысым, камоолорду токтотууга чакырып, өлкө бийлигине кайрылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM