24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева менен башкы редактору Махинур Ниязова сурактан чыкты. Алар бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылган.
Адвокат Нурбек Сыдыковдун маалыматына караганда, сурак учурунда тактоочу суроолор берилген. 24.kg агенттигинин жетекчилери күбө катары жооп беришкен.
15-январда басылманын кеңсесине тинтүү жүргүзүлгөн. Түштөн кийин агенттиктин башкы директору Асел Оторбаева, редактору Махинур Ниязова сурак берүү үчүн УКМКга жеткирилген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 24. кg басылмасына кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси («Согушка үгүттөө») боюнча иш козголуп, маалымат агенттиктин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.