Биз менен байланышыңыз

Министр: 2800 стоматологиялык клиника лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 204 | 0

Кыргызстанда 2800 стоматологиялык клиника лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин 17-январдагы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Министр бир айдын ичинде бул клиникалар текшерилип, жабыларын убадалады.

Депутат Айсара Абдибаева үч жаштагы наристенин тиш доктурда чарчап калган окуяга байланыштуу маселе көтөрүп, бул дарыгердин шалаакылыгынан болгонун айтты.

2023-жылдын 18- декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары, комиссиянын төрагасы Ринат Мавланбай уулу комиссиянын корутундусу укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатканын, алдын ала жыйынтыктар боюнча анестезиолог камакка алынганын айтты. Ал чарчап калган кызга ийне сайган.

13-январда Бишкектин Октябрь райондук соту стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө шектүү жаранды эки айга абакта калтырды.

Мекеменин маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен иш козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM