24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева менен башкы редактору Махинур Ниязова кайрадан УКМКга суракка чакырылды.
Алар саат 11:30га чакырылганын аталган басылмадан кабарлашты.
15-январда 24.kg басылмасынын кеңсесине тинтүү жүргүзүлгөнүн басылманын редактору Махинур Ниязова кабарлаган. Түштөн кийин агенттиктин башкы директору Асел Оторбаева, редактору Махинур Ниязова сурак берүү үчүн УКМКга жеткирилген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 24. кg басылмасына кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси («Согушка үгүттөө») боюнча иш козголуп, маалымат агенттиктин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.