Биз менен байланышыңыз

УКМКда киберкоркунучтарды ыкчам аныктай турган борбор ачылды

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 90 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында Компьютердик окуяларга ыкчам чара көрүү борбору (SOC) ачылды.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбордун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылды.

Негизги өзгөчөлүгү анын туташкан уюмдардын маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Бул ыкма реалдуу убакыт шартында заманбап киберкоркунучтардан натыйжалуу коргоо куралын камсыз кылат.

Борбор Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргелешкен долбоордун алкагында ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM