Биз менен байланышыңыз

Быйыл жазгы айдап-себүү үчүн мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5,6 тоннаны түздү

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 138 | 0

Бүгүнкү күндө жазгы айдап-себүү үчүн мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5687 тоннаны түздү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

2024-жылдын жазгы айдап-себүүсүн толук кандуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу максатында 2024-жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары тарабынан мамлекеттик дотацияга алдын ала сунушталган артыкчылыктуу үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 5687 тоннаны түздү.

Анын ичинен жаздык буудай 2378 тонна, жаздык арпа 2959 тонна, эспарцет 5 тонна, пахта 70 тонна, жүгөрү 90 тонна, картөшкө 165 тонна, беденин үрөнү 20 тонна.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM