Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 80 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 16-январга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-3, күндүз -4…+1,

Талас облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз -5…0,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-2, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз -5…0.

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-5, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM