Биз менен байланышыңыз

2023-жылы Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 1,2 трлн сом болду

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 178 | 0
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов

2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1,2 триллион сомдон ашты.

2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйдү.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 15-январда тараткан маалыматында айтылат.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 483 миллиард сомго жакынды түздү жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 2,7 пайызга көбөйдү.

Дүң жана чекене соодада өсүш 17,7 пайызды, ошондой эле курулушта 10,3 пайызды түзгөн.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 7,3 пайыз болду. Анын ичинде азык — түлүк эмес товарларга баалар 12,2 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге — 11,3 пайызга, тамак — аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга-3,4 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 9,1 пайызга жогорулады.

Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-ноябрында 13,9 млрд. АКШ долларын түздү. Бул 2022 — жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 29 пайызга көп.

Экспорттук жөнөтүүлөр 36,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,2 пайызга көбөйгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3,9 млрд. АКШ долларын түздү. Бул 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 11 пайызга төмөн. ЕАЭБдин ичинен Кыргызстандын соодасынын эң көп үлүшү Орусияга (65,9 пайыз) жана Казакстанга (31,7 пайыз) туура келди.

Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-ноябрында 10 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM