Биз менен байланышыңыз

Давос-2024: Быйыл геосаясий маселелер талкууланат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 307 | 0

Швейцариянын Давос шаарында ар жылы өтө турган салттуу экономикалык форум быйылкы отурумун 15-январда баштайт. Форумдун ачылышынын алкагында 14-январда өлкөлөрдүн улуттук коопсуздук кеңешчилеринин жолугушуусу өттү. Анда Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту токтотууга багытталган Украина сунуш кылган «тынчтык формуласы» каралды.

Бул жолугушууга Украинанын президенти Владимир Зеленский катышкан жок, анын атынан президенттин аппарат жетекчиси Андрей Ермак барды. Зеленский «Давос» форумунда сөз сүйлөйт.

Швейцария буга чейин Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн максаты улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин деңгээлинде «Украинада туруктуу жана адилеттүү тынчтыктын» принциптерин иштеп чыгуу экенин билдирген. Өткөн аптада жарыяланган документке ылайык, бул принциптер тынчтык жараянынын кийинки этаптары үчүн негиз болушу керек.

«Давос» форумунун 54-жылдык сессиясынын конокторунун тизмесинде биринчи кезекте бизнес лидерлери бар, бирок бул жолу геосаясий маселелер алдыңкы планга чыгат.

120 өлкөдөн 2800дөй өкүл, анын ичинде 60 мамлекеттин өкмөт башчысы, 40 өлкөнүн тышкы иштер министри катышат. Форумдун уюштуруучулары сессия «акыркы бир нече ондогон жылдардагы эң татаал геосаясий жана гео-экономикалык кырдаалда» өтүп жатканын буга чейин белгилешкен.

«Давос» форумунда 2023-жылдын 7-октябрында башталган ХАМАС менен Израилдин согушка көңүл бурулат. Форумга чакырылгандардын тизмесинде Израилдин президенти Исаак Герцог, Ливандын премьер-министри Нажиб Микати, ошондой эле Иорданиянын, Катардын жана Ирактын премьер-министрлери бар.

Давос-2024 салттуу турдө Давос шаарында 1971-жылдан бери өтүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM