Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең күн жылыйт

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 103 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-январда Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-7, күндүз -6…-1.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +11…+13 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM