Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык альпинисттер Африкадагы Килиманжаро тоосуна чыгышты

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 140 | 0

Кыргызстандык альпинисттер тобу Африкадагы Килиманжаро тоосуна чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов социалдык тармактарда билдирди.

Анын айтымында, тоого көтөрүлүү аба ырайынын өтө татаал шарттарында болду.

«10-январда саат 05:42де Кыргызстандын 16 катышуучудан турган чоң командасы Африканын эң бийик жери – Килиманжарого ийгиликтүү чыкты. Аба ырайынын өтө татаал шарттарында көтөрүлдүк. Бирок биз аны жасадык» , — деп жазды альпинист Эдуард Кубатов.

Эдуард Кубатов 2021-жылы Жердин эң бийик чокусу — Эверестти багындырган. Кыргызстандык ишкер Кадыр Сайдилкан да «7 континентте 7 чоку» доолборунун алкагында альпинист катары Эверест чокусуна чыккан.

Ага чейин Эверестти кыргызстандык альпинист Дмитрий Греков 1997-жылы 20-майда багындырганы айтылат.

Эверест – Жер шарындагы эң бийик чоку болуп эсептелет. Анын бийиктиги дээрлик 8 миң 849 метрге жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM