Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 12-январда кар жаайт

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 832 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүн биринчи жарымында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштөн кийин жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-10, күндүз -7…-2.

Бишкекте 12-январга караган түнү кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +4…+6 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM